Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги ХXII сессиясынын

 

2024-жылдын 30-январындагы №1

 

Шайдан айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын кароо жөнүндө

 

       Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги                ХXII сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин  бюджет, муниципалдык менчик, инвестицияларды тартуу, ишкерчилик иши жана тышкы эканомикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын жана Шайдан айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Э.Джумабаеванын маалыматын угуп жана талкуулап 

токтом кылат:                                                                                    

  1. Шайдан айылдык кеңешинин  бюджет, муниципалдык менчик, инвестицияларды тартуу, ишкерчилик иши жана тышкы эканомикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын жана Шайдан айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Э.Джумабаеванын 27.01.2024-жылдагы өткөрулгөн отурумунун №1 протоколу эске алынсын.
  2. Шайдан айыл өкмөтүнүн  2023-жылдын ичинде Жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин  бюджет, муниципалдык менчик инвестицияларды тартуу, ишкерчилик иши жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(У. Чолпонов)

           

 

Шайдан айылдык Кеңешинин  төрагасы:

 

А.Тешебаев