Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 15-марты № 112
Жер участокторун жана аларда жайгашкан “Телтору ат майданы” мекемесинин турак эмес жайларын, курулмаларын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын социалдык-экономикалык ɵнүктүрүүнү, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдаланууну, архитектуралык-шаардык кɵрүнүшүн жакшыртууну, транспорттук инфраструктурасын өркүндөтүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-статьясына, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жɵнүндɵ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 9 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Таш-Булак айыл аймагы, Ынтымак участогу дарегинде жайгашкан (идентификациялык номерлери: 3-05-12-1007-3685; 3-05-12-1007-3686; 3-05-12-1007-3687; 3-05-12-1007-3688; 3-05-12-1007-3689; 3-05-12-1007-3690) жалпы аянты 225 000 кв. м жер участоктору жана аларда жайгашкан турак жай эмес жайлар, курулмалар Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине борбордук муниципалдык базарды куруу үчүн белгиленген тартипте ɵткɵрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте белгиленген тартипте жаңы жер участогун аныктоо жана “Телтору ат майданы” мекемесин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын чегинен тышкары чыгаруу боюнча ишти жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэриясына ушул токтомдун 1-пунктунда кɵрсɵтүлгɵн өткөрүп берилүүчү объекттерди муниципалдык менчикке белгиленген тартипте кабыл алуу жана аларды мамлекеттик кайра каттоодон ɵткɵрүү сунушталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндɵн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнɵ кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |