А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХIХ сессиясынын
2024-жылдын 22-февралы № 29/8
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүүнү натыйжалуу инфраструктура түзүү боюна иш аракеттер планын бекитүү жөнүндө
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатарованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктардын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюна иш-аракеттер планы жөнундө” 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгы жетекчиликке алынсын.
2. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктардын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюна иш -аракеттер планы бекитилсин.
3. А.Масалиев айыл аймагында Улуттук тазалык күнү жыл сайын сентябрь жана апрель айларынын үчүнчү ишенбисинде белгиленип өткөрүлсүн.
4. Тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча иш кана куруу үчүн жеке ишкерлер жана башка уюмдар менен биргеликте инвестиция тартуу багытында иштөө жана бекитилген иш чара боюнча иш алып баруу жагы А.Масалиев айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |