Редакцияот 25.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-МОЙНОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын VII чакырылышы

2023-жылдын 25-декабры № 55

Көк-Мойнок айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 51 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Мойнок айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-декабрындагы №51 сандуу токтомунун 9-пунктундагы айыл чарба техникасын сатып алуу үчүн бөлүнгөн 2903000 сом конкурстан өтпөй калгандыгына байланыштуу жана 7- пунктундагы Көк-Мойнок-2 айылынын таза суусунун ремонтуна каралган акча каражатынын ичинен 61000 сом акча каражаты Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн Ак-Өлөң айылындагы салынып жаткан бала бакчага материалдардын өсүшүнүн негизинде чыккан айырмасын төлөө үчүн баардыгы 2964000 сом бөлүнүп берилсин.

2. Көк-Мойнок айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-декабрындагы №51 сандуу токтомунун 7- пунктундагы пайдаланылбай калган Көк-Мойнок-2 айылынын таза суусунун ремонтуна каралган акча каражатынын ичинен 100000 сом акча каражаты жер участкаларына укук берүүчү документтерди даярдоо үчүн бөлүнүп берилсин.

3. 2023-жылга Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кенешинин бюджетине өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Тоң башкармалыгынан суралсын.

4. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөттүн башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Самудиновага тапшырылсын.

5. Токтом чыгарылган күндөн тартып күчүнө киргизилсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

 

С. Д. Байбосунов