Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы

2024-жылы 20-февралы № 73

“Дара Суусу” ИСКАКБсынын   2023-жылга аткарган иштери жана 2024-жылга карата бюджетинин түзүлүшү жөнүндө

  

Дара айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн аймагындагы  “Дара суусу” ИСКАКБсынын  2023-жылга каткарган иштери жана 2024-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө А.Амиралиевдин  даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык  Кеңеши  токтом кылат:     

                             

1.     “Дара Суусу” ИСКАКБсынын  2023-жылга отчёту     канааттандырарлык деп белгиленсин.

2.     “Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2024-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 688056 (алты жүз сексен сегиз миң элүү алты ) сом, чыгаша бөлүгү 688056 (алты жүз сексен сегиз миң элүү алты) сомго бекитилсин.

3.     “Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2023-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет №1)

4.     “Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2022-жылга карата таза-суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына 20 сом тариф болуп белгиленсин жана акча каражатын жыйнаган жыймачыларга 20% кызмат акы болуп бекитилсин.

5.     Бюджеттик мекеме ишканалар, мектептер жана бала-бакчалардагы ар бир балага таза суу үчүн 8 сомдон тариф бекилсин.

6.     Убактылуу таза сууну үйүнө суу түтүктөрүнүн жардамы менен киргизип суу кампаларын толтуруп пайдаланган үй-бүлөлөргө жана короолорго айына 200 сом тариф бекилсин.

7.     “Дара Суусу” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй таза суу пайдаланганы аныкталса, кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча каражаты 2 эселенген түрдө төлөнсүн.

8.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапиевке милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык

кеңешинин төрайымы:

 

Р.Сайкалова

 

 

 

 

 

 

 

“Бекитемин”

Дара айылдык  Кенешинин  VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын №73 токтомуна тиркеме №1

 

        «Дара Суусу» ИСКАКБнын  2024-жылга карата тузулгон иш планы.

 

№

Аткарылуучу иштин мазмууну

Мөөнөтү

Аткарууга жооптуу

1

«Дара Суусу» ИСКАКБнын ши планын түзүү жана бекитүү жана элдер жана  бюджеттик мекемелер менен келишимдерди түзүү

2024-жыл январь

Ишкананын башчысы

2

Жогорку мамлекеттик органдардан келген токтом, буйрук каттар менен иштөө

Дайыма

Ишкананын башчысы

3

ИСКАКБнын башкармасынын мүчөлөр жүргүзгөн иши жөнүндө отчету

Февраль айы

Ишкананын башчысы

4

«Дара Суусу» ИСКАКБнын ишканасынын бюджетин бекитүү

Март айы

Ишкананын башчысы

5

Айылдын элдеринин үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоо

Дайыма

Ишкананын башчысы

6

Элдик жалпы чогулуштарды өз убагында өткөрүү

Дайыма

Ишкананын башчысы

7

Тарифтерди талдоонун маанилүүлүгүн суу пайдалануучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Дайыма

Ишкананын башчысы

8

Ичүүчү сууну үзгүлтүкө учураган учурда тез арада дайыма оңдоо  жумуштарын  сапаттуу аткаруу

Дайыма

Ишкананын башчысы

9

Тарифтин жыйналышын көзөлдөө жана төлөбөгөн абономенттерге эскертүүлөр жана чараларды колдонуу

Дайыма

Ишкананын башчысы

10

Тарифтерди өз убагында жыйналышын көзөмөлдөө

Дайыма

 

11

Элдердин таза суу менен камсыздоо үчүн эл аралык уюмдар менен иштөө долбоорлорду сунуштоо

Дайыма

Ишкананын башчысы

12

«Дара Суусу»ИСКАКБнында иштегендерге шарттарды түзүү жана маралдык колдоо

Дайыма

Ишкананын башчысы

13

Квартал боюнча отчеттук чогулушттарды уюштуруу

Дайыма

Ишкананын башчысы

14

Башкармалыктын жүргүзгөн иштерин көзөмөлдөө

Жарым жылдыкта

Башкармалыктын башчы мүчөлөрү

 

 

 

 

«Дара Суусу» ИСКАКнын башчысы А.Амиралиев.