Загрузка документа…
ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 15-февралындагы № 110/XХХII-27
АПК “ЭлДан Аталык” ЖЧК үрөнчүлүк чарбасына жер тилкесин түз сүйлөшүлөр жолу менен берүү жөнүндө”
Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж. Самтыровтун № 298 контурунда жайгашкан 45 га жер тилкесин АПК “ЭлДан Аталык” ЖЧК үрөнчүлүк чарбасына 20 жылга түз сүйлөшүлөр жолу менен берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобосунун 69 беренеси жана 77 беренесин жетекчилике алып жана Ысык-Ата районунун Агрардык Өнүктүрүү Башкармалыгынын катынын жана айылдык кенешинин протоколунун негизинде
Логвиненко айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Д. Самтыровга № 298 контурунда жайгашкан 45 га айыл чарба багытындагы “Суугат айдоо жерлери” жер тилкесин жүзүм өстүрү багытында, Логвиненко айыл аймагында жайгашкан АПК “ЭлДан Аталык” ЖЧК үрөнчүлүк чарбасына 20 жылга түз сүйлөшүлөр жолу менен берүүсү уруксат берилсин.
2. Ижара төлөмү 1 га жер тилкесине 4,0 (төрт миң) сом өлчөмүндө кайра карап чыгуу шарты жок 20 жылга бекитилсин. Жер салыгы жана социалдык фонд төлөмү ижарадан тышкары төлөнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөну айыл өкмөт башчысы Н.Ж. Самтыровга жүктөлсүн.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы |
| Р. Д. Суеркулов |