Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-февралындагы № 95-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2024-жылдын 19-марты № 102-т
2022-жылдын 20-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Баткен облусунда “Региондук экономикалык өнүктүрүү” экинчи долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 15-июлундагы № 66 Мыйзамы менен ратификацияланган) “Агроазык-түлүк кластерлерин чыңдоо” деген 2-компонентин ишке ашыруу бөлүгүндө ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. “Баткен облусунун өндүрүүчүлөрү үчүн айыл чарба продукциясын өнүктүрүүгө товардык кредит жана грант” долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд менен кредиттик келишим түзгөндөн кийин Дүйнөлүк банк тарабынан жактырылган, Үзүрлүү өнөктөштүк комитети бекиткен долбоордук сунуштардын негизинде Дүйнөлүк банктын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алууларынын принциптерине ылайык товардык-материалдык ресурстарды сатып алууну белгиленген тартипте жүргүзсүн;
2) берилүүчү товардык ресурстарга күрөөлүк документацияларды тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондго тиешелүү документтерди өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү менен Баткен облусунун агрардык секторунда ишкердик ишти өнүктүрүү үчүн динчил мусулмандардын жеңилдетилген финансылык каражаттарды пайдалануусунун зарылдыгы жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
31. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча андан ары пайдалануу үчүн "Баткен облусунда "Региондук экономикалык өнүктүрүү" экинчи долбоору боюнча кайтарылуучу каражаттарды топтоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен эсеп ачсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-февралындагы № 95-т тескемесинин редакциясына ылайык)
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
| Тиркеме |
"Баткен облусунун өндүрүүчүлөрү үчүн айыл чарба
продукциясын өнүктүрүүгө товардык кредит жана грант"
долбоору

1. Товардык кредит
Максаттуу багыты | "Агроазык-түлүк кластерлерин чындоо" деген 2-компоненттин алкагындагы долбоордук иш-чаралардын жүрүшүндө тандалып алынуучу кошумча нарк чынжырчасын түзүүгө катышкан айыл чарба продукцияларын өнүктүрүүчүлөргө, айыл чарба кооперативдерине, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына, агро-соода-логистикалык борборлорго, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөргө жана кызмат көрсөтүүчүлөргө айыл чарба продукциясын өндүрүүгө товардык кредиттерди берүү |
Кредит берүүнүн өлчөмү | 1. Төмөнкү өлчөмдөрдү белгилөө: - бир айыл чарба өндүрүүчүсүнө - 2000000 (эки миллион) сомго чейин; - айыл чарба кооперативдери, фермердик чарбалар, үрөнчүлүк чарбалар, асыл тукум чарбалары үчүн - 20000000 (жыйырма миллион) сомго чейин; - тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, агро-соода-логистикалык борборлор, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн - 35000000 (отуз беш миллион) сомго чейин. 2. Ошол эле учурда 1 кошумча нарк чынжырчасын (үзүрлүү өнөктөштүк) түзүү үчүн сумма 100000000 (бир жүз миллион) сомдон ашпоого тийиш. 3. Кредиттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну жана оперативдүү башкарууну жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Долбоордук сунуштардын үзүрлүү өнөктөштүк комитетине өздөштүрүлбөгөн каражаттарды кошумча нарк чынжырчаларынын ортосунда кайра бөлүштүрүү ыйгарым укугу берилген |
Категориялардын мүнөздөмөсү | 1) жеке айыл чарба өндүрүүчүсү/айыл чарба чөйрөсүндөгү жеке ишкер; 2) фермердик чарбалар; 3) айыл чарба кооперативдери; 4) үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары; 5) ишкердик ишти каттоо формасына карабастан тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары; 6) ишкердик ишти каттоо формасына карабастан агро-соода-логистикалык борборлор; 7) ишкердик ишти каттоо формасына карабастан айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөр |
Долбоорго катышуунун шарттары | 1. Кошумча нарк чынжырчасына (үзүрлүү өнөктөштүк) катышуу. 2. Кошумча нарк чынжырчасынын ичиндеги өнөктөштөрдүн ортосунда Үзүрлүү өнөктөштүк жөнүндө келишимдин (контракттын) болушу. 3. Айыл чарба продукциясын өнүктүрүүгө товардык кредит алуучулардын категориялары үчүн төмөнкүлөр милдеттүү шарттар болуп саналат: - айыл чарба продукциясын өстүрүү, көбөйтүү, кайра иштетүү, жеткирүү үчүн жер участокторунун болушу (менчикте же ижара шартында); - Кыргыз Республикасынын резиденти болуу; - Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддо талаптагыдай каттоодон өтүүсү; - зайымчынын мурда берилген бюджеттик кредиттери боюнча карызынын жоктугу; - зайымчынын салыктарды, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондго чегерүүлөрдү жана бюджетке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздарынын жоктугу; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 "Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун ченемдерине ылайык стартап-долбоорлорду ишке ашыруучу субъект болуу |
Пайыздык ставкасы | 1,0% - жеке айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана дыйкан чарбалары; 1,0% - айыл чарба кооперативи, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары; 1,0% - тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, агро-соода-логистикалык компаниялар, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөр. Пайыздар ар айлык негизде эсептелет, төлөө кварталына бир жолку мезгилдүүлүк менен жүргүзүлөт. Төлөнүүчү кредиттер боюнча милдеттенмелер аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 "Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого ылайык эсептелген финансылык санкциялар тууралуу шарттар колдонулат |
Субсидиялоонун шарттары | Долбоордун каражаттарынын эсебинен товардын наркынын 25%ы төмөнкү максаттарга: - айыл чарба, ирригация, сугаруу жана атайын техникаларын, айыл чарба багытындагы автотранспорт каражаттарын, айыл чарба продукциясын сорттоо, кайра иштетүү жана таңгактоо жабдууларын сатып алууга, ошондой эле курулуш материалдарын, соода-логистикалык борборлорду, кайра иштетүү ишканаларын куруу үчүн зарыл болгон курулуш материалдарын, жабдууларды сатып алууга; - жамгырлатып-тамчылатуу системасынын инфраструктурасын орнотууга; - жогорку өндүрүмдүү асыл тукум айыл чарба жаныбарларын жана вируссуз негизде мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалдарын сатып алууга |
Жеңилдетилген мезгил | Карыздын негизги суммасын төлөөдөн толук бошотуу - 24 айга чейин. Жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин негизги сумма кварталына бир жолку мезгилдүүлүк менен төлөнөт |
Кайтаруу мөөнөттөрү | 5 жылга чейин - өсүмдүк өстүрүү чөйрөсүндө (жеке айыл чарба өндүрүүчүлөрү, айыл чарба кооперативдери үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары, бир жылдык көчөттөрдүн агроөндүрүүчүлөрү; 7 жылга чейин - мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү чөйрөсүндө (көп жылдык көчөттөрдү өндүрүүчүлөр) жана багбанчылык; 7 жылга чейин - тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, агро-соода-логистикалык компаниялар, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн |
Кредитти камсыздоо | 200000 (эки жүз миң) сомго чейинки суммадагы товардык кредит муктаждыкка ылайык товардык кредитти бөлүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн же мэриянын сунушу, айыл чарба ресурстарынын жана туруктуу киреше булагы бар жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондго мөөнөтү өтүп кеткен карызы жок адам менен таризделген кепилдик келишими болгон учурда кепилдик менен берилет |
Күрөөлүк камсыздоо | 200000 (эки жүз миң) сомдон ашкан товардык кредит Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 "Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого суроо-талап коэффициентинин жана бюджеттик кредитти камсыздоо тобокелдигинин чектүү чоңдуктарын аныктоо методикасына ылайык өтүмдүү кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлк менен камсыздалат |
2. Гранттык негизде |
|
Максаттуу багыты | Тандалып алынган кошумча нарк чынжырчасынын иштеши үчүн чечүүчү мааниге ээ болгон коомдук инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жергиликтүү жамааттарга, муниципалдык жана мамлекеттик мекемелерге, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин карамагындагы башка ишканаларга жана мекемелерге гранттык негизде товарлар, кызмат көрсөтүүлөр түрүндө инвестициялык жардам көрсөтүү. Кошумча нарк чынжырчасын куруу үчүн үзүрлүү өнөктөштүктүн катышуучуларына техникалык жардам жана окутуу. Калыбына келтирүү үчүн инфраструктура объекттери, ошондой эле техникалык жардам алуу жана окуудан өтүү үчүн катышуучулардын так саны "Агроазык-түлүк кластерлерин чыңдоо" деген 2-компоненттин алкагында долбоордун бенефициарларын социалдык мобилизациялоону куруу үчүн изилдөө жана талдоо жүргүзүлгөндөн, кыйла перспективдүү кошумча нарк чынжырчалары тандалып алынгандан кийин аныкталат |
Акысыз негизде көрсөтүлгөн жардамдын көлөмү | Бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, жергиликтүү жамаатка, муниципалдык жана/же мамлекеттик мекемеге, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин карамагындагы башка ишканаларга жана мекемелерге – 10 000 000 (он миллион) сомдон ашык эмес |
Категориялардын мүнөздөмөсү | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жамааттар, муниципалдык жана мамлекеттик мекемелер, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин карамагындагы башка ишканалар жана мекемелер |
Долбоорго катышуунун критерийлери | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жамааттар, муниципалдык жана мамлекеттик мекемелер, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин карамагындагы башка ишканалар жана мекемелер кошумча нарк чынжырчасынын системасы (үзүрлүү өнөктөштүк) түзүлгөн же түзүлүүчү аймакта жайгашуусу керек. Тандалып алынган кошумча нарк чынжырчаларынын системаларынын иштеши үчүн чечүүчү мааниге ээ болгон коомдук инфраструктураны калыбына келтирүүгө грантты пайдалануу зарылдыгы жөнүндө ырастоочу документтерди берүү (чыгымдардын сметасы, үзүрлүү өнөктөштүктүн катышуучуларынын биргелешкен кайрылуусу) |
Пайыздык ставкасы | Колдонулбайт |
Жеңилдетилген мезгил | Колдонулбайт |
Кайтаруу мөөнөттөрү | Колдонулбайт |
Күрөөсүз камсыздоо | Колдонулбайт |
Күрөөлүк камсыздоо | Колдонулбайт |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-февралындагы № 95-т , 2025-жылдын 29-декабрындагы N 1155-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
2024-жылдын 19-марты № 102-т
2022-жылдын 20-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Баткен облусунда “Региондук экономикалык өнүктүрүү” экинчи долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 15-июлундагы № 66 Мыйзамы менен ратификацияланган) “Агроазык-түлүк кластерлерин чыңдоо” деген 2-компонентин ишке ашыруу бөлүгүндө ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. “Баткен облусунун өндүрүүчүлөрү үчүн айыл чарба продукциясын өнүктүрүүгө товардык кредит жана грант” долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Мамлекеттик финансылык холдинг" ачык акционердик коому (мындан ары - "Мамфинхолдинг" ААК) менен кредиттик келишим түзгөндөн кийин Дүйнөлүк банк тарабынан жактырылган, Үзүрлүү өнөктөштүк комитети бекиткен долбоордук сунуштардын негизинде Дүйнөлүк банктын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алууларынын принциптерине ылайык товардык-материалдык ресурстарды сатып алууну белгиленген тартипте жүргүзсүн;
2) берилүүчү товардык ресурстарга күрөөлүк документацияларды тариздөө үчүн Мамфинхолдинг" ААКка тиешелүү документтерди өткөрүп берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы N 1155-т тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү менен Баткен облусунун агрардык секторунда ишкердик ишти өнүктүрүү үчүн динчил мусулмандардын жеңилдетилген финансылык каражаттарды пайдалануусунун зарылдыгы жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3-1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча андан ары пайдалануу үчүн "Баткен облусунда "Региондук экономикалык өнүктүрүү" экинчи долбоору боюнча кайтарылуучу каражаттарды топтоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен эсеп ачсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-февралындагы № 95-т тескемесинин редакциясына ылайык)
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
| Тиркеме |
"Баткен облусунун өндүрүүчүлөрү үчүн айыл чарба
продукциясын өнүктүрүүгө товардык кредит жана грант"
долбоору
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-февралындагы № 95-т , 2025-жылдын 29-декабрындагы N 1155-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
1. Товардык кредит
Максаттуу багыты | "Агроазык-түлүк кластерлерин чындоо" деген 2-компоненттин алкагындагы долбоордук иш-чаралардын жүрүшүндө тандалып алынуучу кошумча нарк чынжырчасын түзүүгө катышкан айыл чарба продукцияларын өнүктүрүүчүлөргө, айыл чарба кооперативдерине, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына, агро-соода-логистикалык борборлорго, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөргө жана кызмат көрсөтүүчүлөргө айыл чарба продукциясын өндүрүүгө товардык кредиттерди берүү |
Кредит берүүнүн өлчөмү | 1. Төмөнкү өлчөмдөрдү белгилөө: - бир айыл чарба өндүрүүчүсүнө - 2000000 (эки миллион) сомго чейин; - айыл чарба кооперативдери, фермердик чарбалар, үрөнчүлүк чарбалар, асыл тукум чарбалары үчүн - 20000000 (жыйырма миллион) сомго чейин; - тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, агро-соода-логистикалык борборлор, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн - 35000000 (отуз беш миллион) сомго чейин. 2. Ошол эле учурда 1 кошумча нарк чынжырчасын (үзүрлүү өнөктөштүк) түзүү үчүн сумма 100000000 (бир жүз миллион) сомдон ашпоого тийиш. 3. Кредиттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну жана оперативдүү башкарууну жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Долбоордук сунуштардын үзүрлүү өнөктөштүк комитетине өздөштүрүлбөгөн каражаттарды кошумча нарк чынжырчаларынын ортосунда кайра бөлүштүрүү ыйгарым укугу берилген |
Категориялардын мүнөздөмөсү | 1) жеке айыл чарба өндүрүүчүсү/айыл чарба чөйрөсүндөгү жеке ишкер; 2) фермердик чарбалар; 3) айыл чарба кооперативдери; 4) үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары; 5) ишкердик ишти каттоо формасына карабастан тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары; 6) ишкердик ишти каттоо формасына карабастан агро-соода-логистикалык борборлор; 7) ишкердик ишти каттоо формасына карабастан айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөр |
Долбоорго катышуунун шарттары | 1. Кошумча нарк чынжырчасына (үзүрлүү өнөктөштүк) катышуу. 2. Кошумча нарк чынжырчасынын ичиндеги өнөктөштөрдүн ортосунда Үзүрлүү өнөктөштүк жөнүндө келишимдин (контракттын) болушу. 3. Айыл чарба продукциясын өнүктүрүүгө товардык кредит алуучулардын категориялары үчүн төмөнкүлөр милдеттүү шарттар болуп саналат: - айыл чарба продукциясын өстүрүү, көбөйтүү, кайра иштетүү, жеткирүү үчүн жер участокторунун болушу (менчикте же ижара шартында); - Кыргыз Республикасынын резиденти болуу; - Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддо талаптагыдай каттоодон өтүүсү; - зайымчынын мурда берилген бюджеттик кредиттер боюнча карызынын жоктугу; - зайымчынын салыктарды, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондго чегерүүлөрдү жана бюджетке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздарынын жоктугу; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 "Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун ченемдерине ылайык стартап-долбоорлорду ишке ашыруучу субъект болуу |
Пайыздык ставкасы | 1,0% - жеке айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана дыйкан чарбалары; 1,0% - айыл чарба кооперативи, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары; 1,0% - тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, агро-соода-логистикалык компаниялар, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөр. Пайыздар ар айлык негизде эсептелет, төлөө кварталына бир жолку мезгилдүүлүк менен жүргүзүлөт. Төлөнүүчү кредиттер боюнча милдеттенмелер аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 "Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого ылайык эсептелген финансылык санкциялар тууралуу шарттар колдонулат |
Үлүштүк грант | Долбоордун каражаттарынын эсебинен товардын наркынын 25%ы төмөнкү максаттарга: - айыл чарба, ирригация, сугаруу жана атайын техникаларын, айыл чарба багытындагы автотранспорт каражаттарын, айыл чарба продукциясын сорттоо, кайра иштетүү жана таңгактоо жабдууларын сатып алууга, ошондой эле курулуш материалдарын, соода-логистикалык борборлорду, кайра иштетүү ишканаларын куруу үчүн зарыл болгон курулуш материалдарын, жабдууларды сатып алууга; - жамгырлатып-тамчылатуу системасынын инфраструктурасын орнотууга; - жогорку өндүрүмдүү асыл тукум айыл чарба жаныбарларын жана вируссуз негизде мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалдарын сатып алууга |