Редакцияот 25.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-МОЙНОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын VII чакырылышы

2023-жылдын 25-декабры № 56

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн 2023-жылдын 11-декабрдагы №ПР-0/122 сандуу протоколук тапшырмасын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн 2023-жылдын 11-декабрдагы №ПР-0/122 сандуу протоколдук тапшырмасын карап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн 2023-жылдын 11-декабрдагы №ПР-0/122 сандуу протоколдук тапшырмасындагы Көк-Мойнок айыл аймагын Балыкчы шаарына кошуу сунушу канаттандыруусуз калтырылсын жана Көк-Мойнок айыл аймагынын жашоочуларынын жалпы жыйналышынын негизинде Балыкчы шаарын кеӊейтүү үчүн 2200га жер тилкеси тактоолор менен картографиялык материалдарга ылайык бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. 2200 гектар жер аянты боюнча иш алып баруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. 2200 гектар жер аянтын Балыкчы шаарына кошуу боюнча тиешелүү чечим чыгарып берүү жагы Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

 

Төрага

 

С. Д. Байбосунов