Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXX чакырылышынын XXXIV кезексиз сессиясы
2024-жылдын 12-мартындагы № 30/34-3
“Чолпон-Ата шаардык кеңеши” мекемесинин
Жобосун кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыгын, 2024-жылдын 7-февралындагы №24 “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” жарлыгынын 9-пунктун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарын, Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону жана башка тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып, Чолпон-Ата шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чолпон-Ата шаардык кеңешине Бостери айылдык аймагынын айылдык кеңеши кошулуп жаткандыгына байланыштуу, Чолпон-Ата шаардык кеңеши мамлекеттик кайра каттоодон өтсүн.
2.Шаардык кеңештин уюштуруу-укуктук формасы-мекеме.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
-мамлекеттик тилде “Чолпон-Ата шаардык кеңеши” мекемеси;
-расмий тилде: Учреждение “Чолпон-Атинский городской кенеш”;
Шаардык кеңештин кыскартылган фирмалык аталышы:
-мамлекеттик тилде: “Чолпон-Ата шаардык кеңеши” м-и;
-расмий тилде: У-е “Чолпон-Атинский городской кенеш”
3.Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаары, Совет көчөсү, үй №75
4. Чолпон-Ата шаардык кеңешинин Жобосу жаңы редакцияда бекитилсин.
5. Бостери айылдык аймагынын айылдык кеңешинин өткөрүп берүү актысы бекитилсин.
6. “Чолпон-Ата шаардык кеңеши” мекемесин Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы К.Кайдуевага милдеттендирилсин.
Мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтерди маалыматтардын анык экендиги ырасталат.
Төрага Б.Бакиров
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2024-жылдын “____”_______ №________ токтому
менен бекитилди
“Чолпон-Ата шаардык кеңеши” мекемесинин
Жобосу
1. Жалпы жоболор
1.1.Чолпон-Ата шаардык кеңеши- өз ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, 42 шаардык кеңештин депутаттарынан турган өкүлчүлүктүү орган.
1.2.Шаардык кеңеш юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары болот.
1.3.Шаардык кеңештин расмий аталышы:
-мамлекеттик тилде- “Чолпон-Ата шаардык кеңеши” мекемеси;
-расмий тилде -учреждение “Чолпон-Атинский городской кенеш
1.4. Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги):
Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаары, Совет көчөсү, үй №75.
1.5. Шаардык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
1.6. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык жана эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
1. Шаардык кеңештин сессиясы
2.1. Шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп алардын сессиялары эсептелет. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
2.2. Шаардык кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышса укуктуу. Шаардык кеңеш чечимди шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
2.3. Шаардык кеңештин сессиялары ачык, кварталына кеминде бир жолу же шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт. Шаардык кеңештин сессиясын чакыруу жана жыйналышты өткөрүү тартиби шаардык кеңештин регламенти менен аныкталат.
3. Шаардык кеңештин ыйгарым укуктары
3.1. Айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештери мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде маселелерди кароого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
3.2. Шаардык кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин, анын ичинде муниципалдык менчиктин объекттерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролду ишке ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иш жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын отчетун угуу;
7) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
8) кеңештин регламентин кабыл алуу;
9) өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;
10) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;
11) ирригациялык тармактарды, үй жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;
12) шаардын мэрине ишенбестик билдирүү;
13) бюджетти, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгынан улам жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүү;
14) жергиликтүү коомдук өз алдынча башкаруунун (үй, көчө, кварталдык комитеттер), коомдоштуктардын (жамааттардын) ишин уюштуруу;
15) жергиликтүү жамааттардын коомдук уюмдарын (аксакалдар кеңеши, аксакалдар соттору, аялдар кеңештери, жаштар уюмдары ж.б.) кайра уюштуруу боюнча ишти координациялоо;
16) жергиликтүү кеңештердин туруктуу жана убактылуу комиссияларын түзүү/кайра уюштуруу жана алардын ишин уюштуруу;
17) мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.
4. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
4.1. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кеңеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.
Шаардык кеңештин карамагына кирген маселелер тиешелүү туруктуу комиссиялар тарабынан алдын ала каралбай туруп, шаардык кеңештин сессиясында каралышы мүмкүн эмес.
4.2. Комиссиялардын тизмегин, алардын сандык курамын жана шайлоо тартибин тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттык фракцияларынын, топторунун жана депутаттарынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш аныктайт.
4.3. Туруктуу комиссиялар тиешелүү шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басарлары шайланышы мүмкүн эмес.
4.4. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өз ишинин негизги багыттары боюнча чакан комиссияларды түзө алат.
4.5. Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын сунушу боюнча тиешелүү кеңеш туруктуу комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
4.6. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ага өз милдеттерин аткарууга мүмкүндүк бербеген жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
4.7. Шаардык кеңештердин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, уюштуруу жана иш тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен белгиленет.
5. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын
ыйгарым укуктары
5.1. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары:
1) кеңештин кароосуна киргизилүүчү маселелерди даярдоого катышат;
2) тиешелүү аймакта социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо маселелери боюнча сунуштарды кеңешке киргизет;
3) жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына контролду ишке ашырат;
4) өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, көз карандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн жана башка адамдарды тартууга укуктуу;
5) иш-аракеттеринин майнаптуулугун жана натыйжалуулугун аныктоо максатында жергиликтүү кеңеш кабыл алган ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү жергиликтүү кеңеш белгилеген тартипте туруктуу негизде жүргүзөт.
5.2. Шаардыккеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин жана кызматкерлерин угууга укуктуу. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнө караштуу аймакта жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин ыкчам-чарбалык ишине кийлигишүүгө укуксуз.
6. Шаардык кеңештин төрагасы
6.1. Шаардык кеңештин төрагасы акы төлөө негизинде иштейт жана илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык ишти кошпогондо, акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө укуксуз.
6.2. Шаардык кеңештин төрагасы:
1) шаардык кеңештин сессияларын чакырат;
2) сессияларда төрагалык кылат;
3) шаардык кеңештин чечимдерине кол коёт;
4) депутаттардын шайлоочулардын алдында отчетторун даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;
5) мыйзамдарда белгиленген тартипте калкынын саны 6001ден ашкан шаардык кеңештин жооптуу катчысын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
6) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, уюмдар менен жергиликтүү жамааттын кызыкчылыгында өз ара аракеттенет;
7) шаардык кеңеш тарабынан ага жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат
6.3.Шаардык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, шаардык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добуштары менен ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
7. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары
7.1. Шаардык кеңештин төрагасынын эки орун басары болот.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары сессияда шаардык кеңештин төрагасынын сунушу боюнча кеңештин депутаттарынын ичинен шайланат.
7.2.Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна бир талапкер көрсөтүлсө, анда сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер шаардык кеңештин орун басары болуп шайланды деп эсептелет.
Эгерде шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна бир талапкер көрсөтүлсө, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сессиягакатышкан депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды деп эсептелет.
Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эки талапкер тең бирдей сандагы добуштарды алса, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары чүчү кулак тартуу жолу менен аныкталат.
Эгерде шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна экиден ашык талапкер көрсөтүлсө, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды деп эсептелет.
Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча бардык талапкерлер бирдей сандагы добуштарды алса, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары чүчү кулак тартуу жолу менен аныкталат.
7.3. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда аны алмаштырат.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары жергиликтүү кеңештин төрагасынын милдетин аткарууда кеңештин төрагасы үчүн белгиленген бир күндүк эмгек акынын өлчөмүндө бир жолку компенсация алат.
7.4. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча бошотулушу мүмкүн.
7.5. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
7.6. Шаардык кеңештин кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылышат.
7.7. Депутаттын ыйгарым укуктары тийиштүү кеңештин биринчи сессиясы ачылган күндөн тартып башталат жана кийинки шайланган кеңештин биринчи сессиясы ачылган күнү бүтөт.
8. Шаардык кеңештин чечимдери
8.1. Шаардык кеңештин чечимдери токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат, ага шаардык кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.
8.2. Шаардык кеңештердин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө, ал эми башка актылары - буйрук түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү шаардын аймаганда милдеттүү юридикалык күчкө ээ. Шаардык кеңештердин ченемдик укуктук актылары “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет. Шаардык кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
8.3. Шаардык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин шаардык кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат.
9. Жобого өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү тартиби
9.1. Шаардык кеңештин жобосуна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү, аны жаңы редакцияда бекитүү Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен белигленген тарипте жүзөгө ашырылат.
9.2. Шаардык кеңештин ушул Жободо көрсөтүлбөгөн ишинин маселелери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары менен жөнгө салынат.
10. Шаардык кеңештердин ыйгарым укуктарынын токтотулушу
10.1. Шаардык кеңештин ыйгарым укуктары ушул чакырылыштагы шаардык кеңештин депутаттары шайланган мөөнөт аякташына байланыштуу, кеңеш мөөнөтүнөн мурда таратылышына байланыштуу токтотулат.
10.2. Шаардык кеңеш төмөнкүдөй учурларда Президент тарабынан мөөнөтүнөн мурда таратылышы мүмкүн:
1) тиешелүү шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес добушу менен кабыл алынган чечим боюнча;
2) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же акимдин сунушу боюнча;
10.3. Өзүн-өзү таркатуу жөнүндө шаардык кеңештин чечими жарлыкты чыгаруу үчүн Президентке кеңештин төрагасы тарабынан жиберилет.
10.4. Административдик-аймактык бирдиктин чектерин өзгөртпөстөн анын аталышын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана жергиликтүү кеңешти таратууга алып келбейт. Президенттин кайра уюштурууга байланыштуу айылдык кеңешти таратуу жөнүндө жарлыгы, эгерде мыйзамдын өзүндө башкача мөөнөт каралбаса, тиешелүү административдик-аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 30 күндөн кечиктирилбестен чыгарылууга тийиш.
10.5. Мөөнөтүнөн мурда таратуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да таратуу жөнүндө Президенттин жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып шаардык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таратылды деп эсептелет.
10.6. Шаардык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таратылган учурларда мүлкүнүн жана документтеринин сакталышы үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү башчысы тартат.
11. Шаардык кеңешти кайра уюштуруу жана жоюу
11.1. Шаардык кеңешти кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, өзгөртүп түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
11.2. Шаардык кеңештин иши токтотулган учурда анын документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Төрага Б.Бакиров