АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VIII чакырылыш XIV сессиясы
2024-жылдын 13-марты № 14-2
2024-2025-жылдарга карата “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акыларга жана жыйналуучу жыйымдарга баа бекитип берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору К. Кулуевдин берген маалыматынын негизинде жогоруда аталган ишкана тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акыларга 2024-2025-жылдарга карата баа бекитип берүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акылар жеке жактарга төмөндөгүдөй бекитилсин:
№ | Техникалардын түрү | Өлчөө бирдиги | Катуу грунт | Кошумча май л. (диз.топливо) | Жүктөөлөр 1 рейс |
1 | Эксковатор | 1 м3 | 150 сом |
| 800 сом |
2 | Камаз | 1 рейс | 1700 сом |
|
|
3 | МТЗ-82 | 1 га | 1500 сом | 25 л. |
|
4 | Мусоровоз | 1 рейс | 1000 сом |
|
|
5 | Комбайн | 1 га | 2300 сом | 25 л. |
|
6 | Погрузчик | 1м/саат | 1500 сом | 30 л. |
|
2. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы тарабынан юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү кызмат акыларга 25 % кошулсун;
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана Антимонополия мекемеси менен макулдашуу жагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору К.Кулуевге жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө милдеттендирилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага |
Э. Толубаев |