Загрузка документа…
ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 15-февралындагы № 124/XХХII-27
“Логвиненко айыл өкмөтүнүн Новопокровка айылындагы жаңы конушуна мектеп салууга жер тилкесин бекитүү жөнүндө”
Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж. Самтыровтун Новопокровка айылындагы Ч. Айтматов көчөсүндө, 84 дарегинде жайгашкан 20897,0 м кв. өлчөмүндөгү жер тилкесин мектеп салууга бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле генералдык план жана Ысык-Ата райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18 беренесин жетекчилике алып;
Логвиненко айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Логвиненко айыл аймагында Новопокровка айылындагы Ч. Айтматов көчөсү, 84 дарегинде жайгашкан, аянты 20897,0 м.кв. болгон жер тилкесин, Логвиненко айыл өкмөтүнө, мектеп куруу үчүн муниципалдык менчикке бекитилип берилсин.
2. Бул токтомду Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына бекитип берүүсүн жана жер тилкесин Логвиненко айыл өмөтүнүн муниципалдык менчигине бекитип берүүсүн суранабыз.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөну айыл өкмөт башчысы Н.Ж. Самтыровга жүктөлсүн.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы |
| Р. Д. Суеркулов |