АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VIII чакырылыш XIV сессиясы
2024-жылдын 13-марты № 14-4
Таштандыны кайра иштетүүчү «CLEAN GREEN VILLAGE» полимердүү кум буюмдарын чыгаруучу өндүрүш цехин куруу долбоору жөнүндө
Ак-Жар айылына таштандыны кайра иштетүүчү «CLEAN GREEN VILLAGE» полимердүү кум буюмдарын чыгаруучу өндүрүш цехин куруу боюнча долбоор жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) 2024-жылдын 6-мартындагы чыгыш №05-153 сандуу кайрылуу катынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу тарабынан ишке ашып жаткан Ак-Жар айылына таштандыны кайра иштетүүчү «CLEAN GREEN VILLAGE» полимердүү кум буюмдарын чыгаруучу өндүрүш цехин куруу жөнүндөгү долбоор Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын карамагына оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилсин.
2. Бул долбоорду ишке ашыруу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директору К.Кулуевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага |
Э. Толубаев |