Загрузка документа…
САКАЛДЫК АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 13-сентябры № 1
Сакалды чек ара заставасынын жаны имаратын куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20- октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-б ылайык Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы токтом кылат:
1. 2027 аскердик бөлүгүнүн Сакалды чек ара заставасынын жаны имаратынын капиталдык курулушу үчүн Чоң-Багыш айылынын №171 (160) контурундагы КБФнын жеринен 1 га жер тилкеси ажыратылып берилсин.
2.Кыргыз Республиккасынын Жер кодексинин талаптарына ылайык аталган жер тилкенин максаттуу багытын өзгөртүү (трансформациялоо) жумуштарына байланыштуу иш кагаздарды тез арада даярдоо жана тийиштүү корутундуларды алуу үчүн жогору турган органдарга жөнөтүүнү камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сакалды айылдык кеңешинин жер,агрардык саясат жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын
Тѳрага | А.Нишанбаев |