Загрузка документа…
САКАЛДЫК АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 13-сентябры № 2
Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 2022-жылдын 5-декабрындагы кезексиз ХVIII -сессиясынын №1 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20- октябрындагы №123 Мыйзамынын 39-б ылайык Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XХVII сессиясы токтом кылат:
1. Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 2022-жылдын 5-декабрындагы кезексиз ХVIII -сессиясынын №1 токтому менен 2027 аскердик бөлүгүнүн Сакалды чек ара заставасынын жаны имаратынын капиталдык курулушу үчүн Чоң-Багыш айылынын №190 контурунан 1,0 га жер тилке ажыратып берүү боюнча токтому төмөндөгү негиз менен жокко чыгарылсын;
-Ноокен районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2023-жылдын 5- сентябрындагы №594 чыгыш сандуу катына ылайык бул жер тилке Кыргыз Республикасынын “Сууну коргоочу зооналар жана суу обьектилер жөнүндөгү”1995-жылдын 7-июлундагы №271 токтомуна ылайык дал келбестигин билдирүү менен каршы пикир келтирилгендигине байланыштуу;
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Тѳрага | А.Нишанбаев |