Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Айдаркен шаардык кеңешинин IV–чакырылышынын кезексиз 31-сессиясы

2024-жылдын 20-февралы № 71

 Айдаркен шаардык мэриясынын 2022-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жана “Коммунальщик-Айдаркен” ачык типтеги акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтык отчету жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүшү тарабынан жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтык отчету жөнүндө шаардык мэриянын ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Надырбековдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Айдаркен шаардык мэриясы жана “Коммунальщик-Айдаркен” ачык типтеги акционердик коомунун ишмердүүлүгүндө кетирилген кемчилдиктерин эске алуу менен Айдаркен шаардык кеңеши кезексиз 31-сессиясынын протоколунун негизинде

Т О К Т О М        К Ы Л А Т:

  1. Айдаркен шаардык мэриясы жана “Коммунальщик-Айдаркен” ачык типтеги акционердик коомунун ишмердүүлүгүндө кетирилген кемчилдиктери боюнча иш алып барылсын, мындан кийин катачылыктарга жол бербөө жагы жана айтылган сунуштар жооптуу кызматкерлерге милдеттендирилсин.

 

  1. Каржы жана башка бузууларды жоюу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтар Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүшүнө жиберилсин.

 

  1. Токтомду аткаруу жагы шаар мэри А.С.Мурзажановго жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  1. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.

 

 

 

Тѳрага:

А.К.Кожомбердиев