Загрузка документа…
САКАЛДЫК АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 21-сентябры № 1
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 “Кыргыз Республикасынын административдик аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө”Жарлыгын аткаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып,” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө”Жарлыгын аткаруу максатында Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз XXVIII-сессиясы токтом кылат:
1.Ноокен районунун Сакалды, Арал айыл аймактарын бириктирүү маселеси колдоого алынсын.
2.Бириккен айыл аймак “Сакалды-Арал”айыл аймагы деп аталсын.
3.Бириккен айыл аймактын борбору Сакалды айылында жайгашсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сакалды айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Нишанбаев |