АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айдаркен шаардык кеңешинин IV–чакырылышынын кезексиз 31-сессиясы
2024-жылдын 20-февралы № 72
Айдаркен шаардык мэриясынын 2024-жылдын 13-февралындагы № 01-15/83 сандуу сунуш катына ылайык КРнын Салык кодексинин 388-беренесинин 2, 3-бѳлүмдөрүнѳ, 404-беренесинин 4, 5-бѳлүмдөрүнѳ ылайык Айдаркен шаарынын аймагындагы мүлк салыгы боюнча имараттардын жана жер тилкелердин салыгын эсептөө үчүн Кз зоналык коэффициентин кайрадан кароо жѳнүндѳ
Айдаркен шаардык мэриясынын ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Надырбековдун маалыматын угуп, талкуулап чыгып, Айдаркен шаардык кеңеши кезексиз 31-сессиясынын протоколунун негизинде
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- КРнын Салык кодексинин 388-беренесинин 2, 3-бѳлүмдөрүнѳ, 404-беренесинин 4, 5-бѳлүмдөрүнѳ ылайык Айдаркен шаарынын аймагындагы мүлк салыгы боюнча имараттардын жана жер тилкелердин салыгын эсептөө үчүн Кз зоналык коэффициенти жеке жана юридикалык жактарга 1,2 ѳлчѳмүндѳ өзгөртүүсүз калтырылсын.
- Токтомду аткаруу жагы шаардык мэрияга жүктѳлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Тѳрага: | А.К.Кожомбердиев |