Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин ХI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын
2023-жылдын 4-октябрындагы № 16/1
Кара-Жыгач айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жан эл менен байланышын чыңдоо максатында, КР Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” №215 Жарлыгы жана Элдик Курултайды уюштуруу боюнча комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы “Элдик Курултайга КР айылдык аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин НУСКАМАСЫ жөнүндө” жана Кара-Жыгач айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана социалдык камсыздоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Кара-Жыгач айылдык кеңешинин ХI чакырылышынын кезектеги 16- сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Жыгач айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны 2023-жылдын 18-ноябрына саат 10-00 гө чакырылсын.
2. Кара-Жыгач айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларынын саны калктын санына ылайык 50 делегаттан турары белгиленсин.
3. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 16-октябрдан 21-октябрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн. ( график №1 тиркемеде). Өкүлчүлүктүн нормалары клактын санына жараша бөлүнүүсү эскертилсин.
4. Кара-Жыгач айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 8 адамдан бекитилсин (№2 тиркеме).
5. Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага: |
| А.Назарбеков | |
|
|
Тиркеме№1 Кара-Жыгач айылдык кеңешинин 2023-жылдын 4-октябрындагы №16/1токтому менен бекитилген.
| |
Кара-Жыгач айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды көрсөтүү боюнча өткөрүлүүчү чогулуштардын (жыйындардын)
ГРАФИГИ
№ | Өткөрүлүүчү орду | Убактысы | Калктын саны | Делегаттардын саны | Жооптуулар | |
Күнү | Сааты | |||||
1 | Сыны айылы 1)Чолок-Арык айылында 2)Ийри-Гоо айылында Бурана таштын жанына |
16.10
16.10 |
10-00
12-00 |
502
513 |
4
4 | Анарбекова Н Мазакеев Ш Турдубаев М |
2 | Кара-Ой айылы 1)Кара-Ой айылында 2)Көк-Тонду айылында |
16.10
16.10 |
14-00
16-00 |
804
1200 |
4
4 | Кантмемир у И Мырзагулов Э Акылбек у К Сатыбаев А Сатыбаева Н |
3 | Тор-Камыш айылында 1)Тор-Камыш айылында 2)Сарай айылында
|
17.10
17.10 |
10-00
12-00 |
400
539 |
3
3 | Шакиев С |
4 | Чарба айылында 1)Төмөнкү Чарба 2)Жогорку Чарба |
18.10
18.10 |
10-00
12-00 |
561
562 |
3
3 | Бердигулов З Жолдошкулов Н Артыкбаев Э |
5 | Дардак-Дөбө айылы | 19.10 | 10-00 | 478 | 6 | Бейшенова А Тажыбаев Н |
6 | Капчыгай айылы
1)Борбордук көчөдө 2)Терме-Таш айылында 3)Капчыгай айылында |
20.10
20.10
20.10 |
10-00
12-00
14-00 |
652
528
873 |
6
4
6 | Калыбеков К Керимбеков М Үмөталиева М Өзүбекова Г Назарбеков Н Абдрахман у Б |
|
| Тиркеме№2 Кара-Жыгач айылдык кеңешинин 2023-жылдын 4-октябрындагы №16/1токтому менен бекитилген.
|
Кара-Жыгач айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
к/№ | Фамилиясы жана аты | Кызматы |
1 | Кантемир уулу Илгиз | Төрага |
2 | Бейшенова Апиза | Катчы |
3 | Шакиев Сталбек | Мүчөсү |
4 | Өзүбекова Гүлшан | Мүчөсү |
5 | Артыкбаев Элмир | Мүчөсү |
6 | Турдубаев Мурат | Мүчөсү |
7 | Назарбеков Назар | Мүчөсү |
8 | Калыбекова Каныкей | Мүчөсү |