Редакцияот 16.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-МОЙНОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын VII чакырылышы

2023-жылдын 16- октябры № 48

Көк-Мойнок айыл аймагынын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.К. Сманованын докладын угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1)              Көк-Мойнок айыл аймагынын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин пайдаланылбай калган клуб бөлүмүнүн 3111 статьясынан 3000,0мин сом, мектеп бөлүмүндөгү 3111 статьясынан 4600,0мин сом, ЖКХ бөлүмүнөн 1100,0мин сом баардыгы 12700,0мин сом кайрадан бөлүштүрүү үчүн төмөнкүдөй бөлүнсүн:

 

Ак-Өлөң айылына:

1. Аялдама куруу үчүн - 283 596 сом;

 

 

2. Мектептин астын брусчаткалоого кошумча - 265 000 сом;

 

3. Мектептин алдына отургуч сатып алууга – 35000сом;

 

4. Музыкальный аппаратура, балаты сатып алуу үчүн - 99 000сом;

 

5. Балдар аянтчасын курууга - 446 232 сом;

 

6. Паркты оңдоо үчүн - 1 830 000 сом;

 

7. Тренажордук аянтча салуу үчүн - 845 000 сом.

 

 

Көк-Мойнок-1 айылына:

1. Теннис аянтчасын куруу үчүн - 1 246 000 сом;

 

2. Парк курууга - 1 094 000 сом;

 

3. ФАПтын эмеректерин алууга (АРИСке) өздүк салым үчүн -300 000сом;

 

4. Айыл чарба техникасын сатып алууга - 1 385 000 сом;

 

5. Сеялка сатып алууга - 325 000 сом;

 

6. Көчөлөргө жарыктандыруу коюу үчүн - 150 000 сом.

 

 

Көк-Мойнок-2 айылына:

1. Тренажордук аянтча салуу үчүн - 1 029 372 сом;

 

2. Парк салууга - 1 706 070 сом;

 

3. Варкаут аянтчасын салууга (ДЭУ) - 680 000 сом;

 

4. Көчөлөрдү жарыктандыруу- 300 000 сом;

 

5. Фаптын эшигин оңдоо үчүн - 40 000 сом;

 

6. Клубтун ремонттуна- 244 558 сом.

 

Ар кандай чыгымдарга (АПУ, ИТУ, ПСД, сметчик, технадзор жана башка чыгымдар) – 390 000сом;

  Айыл өкмөтүнүн коомдук профилактикалык борборуна күйүүчү май алуу үчүн - 10000сом.

2) Бул токтомду Ысык-Көл облусттук юстиция башкармалыгынан катоодон өткөрүү жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына тапшырылсын.

3) Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы М.Р.Койгелдиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

 С.Д.Байбосунов