Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Cуу-Башы айылдык кеңешинин VII–чакырылышынын кезектеги XXXIV-сессиясы

2024-жылдын 30-январы № 103

 Суу-Башы айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26-декабрындагы VII чакырылышындагы кезектеги ХХХIII сессиясынын  № 101 токтомуна   өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө.

 

 Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылынын жашоочулары үчүн ичүүчү таза суу менен камсыз болуп , 2023-жылдын 13-майындагы Боз-Адыр айылынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйналышынын протоколунун негизинде ичүүчү таза сууга төлөнүүчү акчаны тарифин бекитүу жөнүндө жана ошол учурда таза сууга коюлган эсептегичти атайлап токтоткон, уруксаты жок өзүнчө сууну киргизип алган, колдонгон таза сууга акы төлөбөгөн жарандарга жаза колдонууну мыйзамдаштырып, биринчи эскертүү иретинде 10 000 (он миң) сом, экинчи жолу кайталанса 10 000 (он миң) сом жана бир жылга таза сууну колдонууга тыюу салынууну 2(экинчи) пункт кылып толуктап өзгөртүү киргизүү жагын талкуулап жана угуп,  Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХIV сессиясы токтом кылат:

  1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылынын жашоочулары үчүн ичүүчү таза суу менен камсыз болуп , 2023-жылдын 13-майындагы Боз-Адыр айылынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйналышынын протоколунун негизинде ичүүчү таза суунун 1м3 (куб) 30 (отуз) сом деп белгиленүүгө макулдук берилсин.
  2.  Таза сууга коюлган эсептегичти атайлап токтоткон, уруксаты жок өзүнчө сууну киргизип алган, колдонгон таза сууга акы төлөбөгөн жарандарга жаза колдонууну мыйзамдаштырып, биринчи эскертүү иретинде 10 000 (он миң) сом, экинчи жолу кайталанса 10 000 (он миң) сом жана бир жылга таза сууну колдонууга тыюу салынууга макулдук берилсин.
  3. Токтомду аткарууга алуу, аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Тѳрага:

А.Бөрүев