КӨК-МОЙНОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын VII чакырылышы
2023-жылдын 16- октябры № 47
Жер аянтын которуу ( трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 69 токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобосуна ылайык Тон РМА 11.10.2023-жылдагы №01-23-2393 сандуу каты, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Кыргызмамжердолборлоо жерге жайгаштыруу ишканасынын 28.07.2023-жылдагы № 01-9/2039 каты менен таанышып жана талкуулап, Көк- Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарынын батыш тарабында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу токой кызматынын былыкчы токой чарбасына тиешелүү 29,22га токой фондусунун жерлери категориясындагы анын ичинен №1 участок №53 контур 2,57га токойлуу жерлер, №2 участок №62 контур 2,70га токойлуу жерлер, №63 контур 5,10га токойлуу жерлер, №64 контур 1,10га токойлуу жерлер, №65 контур 0,40га жайыт жерлер, №66 контур 0,50га башка жерлер, №67 контур 0,65га башка жерлер, № 68 контур 7,30га жайыт жерлер, №69 контур 1,20га жайыт жерлер, №72 контур 7,70га жайыт жерлери жер тилкесин Этно шаарча долборлоо, тарыхый-маданий обьектилерди куруу үчүн “Токой фондусу жерлери” категориясынын “өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жерди трансформациялоо боюнча иш алып баруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага |
| С. Д. Байбосунов |