Редакцияот 19.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айылдык аймактык кеңешинин 10-чакырылышынын

кезектеги 10-сессиясы

 

2024-жылдын 19-февралы № 57

 

Шекер айылына бильярд залын ачуу жөнүндө

 

Шекер айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 15-февралындагы актысынын негизинде, спорт күйөрман жаштарынын суранычы менен айылга бильярд залын ачуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шекер айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Күркүрөө” СПАсынын убактылуу жайгашкан конторасынын күн батыш тарабынан бильярд залын ачуу үчүн 0,1.5 га жери аукциондун негизинде жеке менчике сатылсын.

 

2. Аукциондон жеңип алган жаран өзүнүн каражатынын эсебинен заманбап бильярд залын ачуу жагы каралсын

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.Э.Иманалиев