ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы
2024-жылдын 15-февралы № 2
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара, Зар-Таш, Ак-Турпак, Ак-Өтөк айылдарына келүүчү каналды мамлекеттик менчикке өткөрүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановдун сунушу менен жана Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу суу ресуртары кызматынын 2024-жылдын 17-январындагы №225 каты менен таанышып чыгып, депутаттар арасында кеңири талкууланып, Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара, Зар-Таш, Ак-Турпак, Ак-Өтөк айылдарына келүүчү 12,488 км каналды мамлекеттик менчикке өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановго тапшырылсын.
Кенештин төрагасы | Н.Артыков |