Редакцияот 15.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы

 

2024-жылдын 15-февралы № 4

Жайыттарды башкаруунун жана пайдалануунун 2023-жылдын жыйынтыгын угуу жана 2024-жылга карата иш чаралар планын бекитүү жөнүндө

 

        Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин жетекчиси Т.Назаровдун “Жайыттарды башкаруунун жана пайдалануунун 2024-жылга карата иш чаралар планын жана жайыт пайдалангандыгы үчүн тарифин  бекитүү жөнүндө”  билдирүүсүн угуп,  депутаттар арасында кеңири талкууланып Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышын кезектеги  I сессиясы токтом кылат:

 

1.     Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн жайыттарды башкаруунун жана пайдалануунун 2023-жылга аткарылган иштеринин маалыматы, 2024-карата иш чаралар планын бекитүү маалыматы так болбогондуктан   эскертүү менен канааттандыраарлык деп  табылсын.

2.    Жайыт комитетинин жайытка чыккан ири мүйүздүү жана бодо малдар башына алынуучу жайыт акысы төмөнкүчө болуп бекитилсин.

  • Ири мүйүздүү малдар       150 сом
  • Бир жылкыга       250 сом
  • Бир кой-эчкиге  45 сом
  • Курук отун пайдалангандыгы үчүн   1000 сом

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, коммуналдык чарба, курулуш транспорт жана жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кенештин төрагасы

Н.Артыков