КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин ХI чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясынын
2023-жылдын 20-ноябрындагы № 18/3
“Кара-Жыгач айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун угуп жана талкуулап, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин ХI чакырылышынын кезексиз 18 -сессиясы токтом кылат:
1. Назарбеков Чабар атага “Кара-Жыгач айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Жогорудагы Кара-Жыгач айыл аймагынын атуулун сыйлоо боюнча кеткен чыгымдарын камсыз кылуу жагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ш.Кайыповго милдеттендирилсин.
3. Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кенештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага: |
| А.Назарбеков |