ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы
2024-жылдын 15-февралы № 5
“Төрт-Гүл Таза-Суу” ишканасынын директору Т.Жапаровдун маалыматын угуу жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн “Таза-Суу” ишканасынын жетекчиси Т.Жапаровдун отчетун угуп депутаттар арасында кеңири талкууланып Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:
- Төрт-Гүл Таза-Суу ишканасынын директору Т. Жапаровдун 2023-жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин канаатандыраарлык деп табылсын.
- Таза-Суу ишканасынын жетекчиси тарабынан сунушталган төлөмдөр боюнча макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановго тапшырылсын.
Кенештин төрагасы | Н.Артыков |