Редакцияот 22.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК АЙМАТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 22-январы № 1

 

Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү

бюджетинин долбоору жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө.

 

Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин көлөмү кирешеси жана

чыгашасы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин көлөмү кирешеси жана чыгашасы менен 12628,3 миң сом суммасына баланс берилсин.

Кирешеси бөлүгү төмөнкү киреше булактарыннын эсебинен түзүлсүн:

Тендөөчү гранд

 

3557,2 миң сом.

Иш берүүчүлөр тарабынан айлык акыдан

 

 

кармалуучу киреше салыгы

 

6420,0 миң сом.

Патентик негизиндеги салык

 

231,6 миң сом.

Мүлк салык

 

525,3 миң сом.

Кыймылсыз мүлтөн алынуучу салык

 

77, 0 мин сом.

Транспорт ээлеринен алынуучу салык

 

448,3 мин сом.

Короо жай жер салыгы

 

240,8 мин сом.

Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы

 

89,5 миң сом.

КФБ жерлердин ижара акысы

 

426, 6 мин сом.

Лицензия

 

39, 3 мин сом.

Калктуу конуштарга жер ижара акысы үчүн

 

48, 0 миң сом.

Жайыт жерлеринин ижара акысы

 

60,0 миң сом.

Атайын каражаттар

 

990, 0 миң сом

 

Чыгаша бөлүгү 12628,3 миң сом өлчөмүндө төмөндөгү бөлүмдөр боюнча бекитилсин.

Башкаруу апаратына

 

8722,6 миң сом.

Билим берүү бөлүмүнө

 

2182, 7 миң сом.

Социалдык коргоо бөлүмүнө

 

448, 3 мин сом.

Маданият бөлүмүнө

 

591,2 мин сом.

Экономикалык маселелер

 

60, 0 миң сом.

Атайын каражат

 

990, 0 мин сом.

 

2. 2024-жылдын бюджетине белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын (эмгек акы, соц фонд, электр энергия ж.б)

3. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджетте белгиленген суммадан ашык түшсө, ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү жагы айылдык кеңештин сессиясына сунушталсын, планга кароо киргизүү Каржы Министрлигинен суралсын.

4. Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурда кварталдан кварталга, разделден разделге, жана статьядан статьяга жылдыруулар айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде, айыл өкмөтүнүн башчысынын токтому менен жүргүзүлсүн.

5. 2024-жылдын 1-январына айылдык бюджеттин эсебиндеги кассалык акча жүгүртүү каражаттын көлөмү 2,0 сом өлчөмүндө белгиленсин.

6. Бакай-Ата райондук администрациясынын 2018-жылдын 26-январындагы № Б9/I буйругуна ылайык 2024-жылга белгиленген бюджеттин эсебинен 150,0 миң сом өзгөчө кырдаалдар үчүн кол тийбес резерв катары пландаштырылсын. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-статьясынын негизинде 2024-жылдын бюджетинин миңчыгаша көлөмүнүн 1% нын эсебинен 122,9 миң сом айыл өкмөтүнүн резервтик фондусу болуп айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.

7. 2024-жылдын бюджеттинин киреше, чыгаша бөлүктөрүн мыйзамдуулукта аткаруу, максыз жумшоолорго жол бербөө, казынадан сырткары чыгымдоолорду тыю милдеттери айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө (Г. Эдигеевага) тапшырылсын. Жыйноодо , өткөн жылдан калган суммаларды (недоимкаларды) толук өндүрүүдө айыл өкмөтүнүн салык кызиаткерине катуу талап коюлдсун, ошондой эле алардын ишине тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.

8. Салык Кодексинин 197 статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү

өлчөмдөгү салыктар алынсын. Айыл чарба багытында эмес жер салыгын чегерүүнү коэффициенти К1=1,0 болуп белгиленсин.

9. Жергиликтүү бюджетти колдоо иретинде Республика тарабынан бөлүнгөн теңдеш-тирүү гранттары коргоодогу статьялары ( айлык акы, соц. фондко,чегерүү ж. б.) жана каммуналдык чыгымдарды жабууга гана жумшалсын.

10. 2024-жылдын бюджетинин болжолунун жалпы көлөмү 14102,6:анын ичинен теңдөөчү гранд 1523,0 миң сом суммасында белгиленсин.

11. Разделден разделге, статьядан статьяга жылдыруу жагын З. Надырбаевге жүктөлсүн.

12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Өзгөрүш айылдык аймактык

кеңешинин төрагасы

 

 

Т. Бечелов