Редакцияот 20.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тогуз-Булак айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы

 

2024-жылдын 20-январы № 9

Тогуз-Булак айыл аймагынын Маданият айылынын атын өзгортүү боюнча айыл тургундарынын 10-январь 2024-жылдагы №2-протоколун жана Кыргызстандын 50 жылдыгы айылынын атын өзгөртүү боюнча 10-январь 2024-жылдагы №3-протоколун бекитүү жөнундө

 

Тогуз-Булак айылдык кенешинин 7-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы жогорудагы маселелер боюнча билдирүүлөрдү угуп жана талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тогуз-Булак айыл аймагынын Маданият айылынын атын өзгөртүү боюнча, айыл тургундарынын 10-январь 2024-жылдагы №2-протоколу жана Кыргызстандын 50 жылдыгы айылынын тургундарынын 10-январь 2024-жылдагы №3-протоколу бекитилсин.

2. Тогуз-Булак айыл аймагынын Маданият айылынын тургундарынын сунушу менен Маданият айылынын аты тарыхий Айбике айылы болуп өзгортулсун.

3. Тогуз-Булак айыл аймагынын Кыргызстандын 50 жылдыгы айылынын тургундарынын сунушу менен Кыргызстандын 50 жылдыгы айылынын тарыхий аты миң-Жыгач айылы болуп өзгөртүлсүн.

4. Кабыл алынган токтомду каттап берүү жагы Баткен облустук юстиция башкармалыгынан суралсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Темирбаевге тапшырылсын.

 

Төрага

К.Ражапов