ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 26-сессиясынын отуруму
2024-жылдын 17-январы № 26/2
“Кулунду айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө”
Кулунду айыл Өкмөтүнүн 2023-жылга такталган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жана Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан 2024-2026-жылдарга берилген контролдук цифра боюнча Кулунду айыл Өкмөтүнүн ФЭБ башчысы И.Алимбаевдин, Кулунду айылдык Кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Кошмуратовтун билдирүүсүн угуп Кулунду айыл Өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтуу бюджети жана 2024-2026-жылдарга болжолу «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2026-жылдарга болжолу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде түзүлгөндүгүн белгилеп, Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 27- сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кулунду айыл Өкмөтүнүн 2023-жылга кабыл алынган жергиликтүүбюджетине жыл ичиндеги өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен жалпы жыл ичиндеги бюджет атайын каражаттарды кошкондо 54640,1 мин сом эсебинде кирешеси жана чыгашалары 54821,9 мин сом №1,2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кулунду айыл Өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтуу бюджетинин киреше жана чыгашалары 42036,7 мин сом олчомундо №3,4,тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кулунду айыл Өкмөтүнү атайын эсебиндеги каражаты тушкон каражаттары Кулунду айыл Өкмөтүнүн атайын каражаттары катары эсептелинсин. Киреше жана чыгашалары 156,0 мин сом өлчөмүндө №5,6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- 2024-жылга Кулунду айыл ӨкмөтүнөКР Финансы министрлиги тарабынан бөлүнгөн 19944,6 мин сом тендештируу грант №7-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- 2024-жылга Кулунду айыл Өкмөтунүн жергиликтуу бюджетине чогулуучу салыктардын нормативдик өлчөмдөрү №8-тиркемеге ылайык бетилсин.
- КРФМ Лейлек башкармалыгынын казына бөлумү аркылуу Кулунду айыл Өкмөтүнүн аймагынан чогулган салыктар, жыйымдар жана атайын каражаттар Кулунду айыл Өкмөтүнүн эсебине топтоштурулуп чыгымдалышына жетишилсин. Кулунду айыл Өкмөтүнүн администрациясына жергиликтуу бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү боюнча иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүү жагы тапшаралсын.
- 2024-жылга Кулунду айыл Өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдарын каржылоо, анын киреше бөлүгүнүаткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин, анын ичинен биринчи кезекте корголуучу статьяларга (Эмгек акы төлөө, социалдык фондко чегерүү) жана коммуналдык кызматтарга, тамак-аш, дары-дармекке чыгымдала тургандыгы белгиленсин.
- Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жана жергиликтуу мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү КР мыйзамынын негизинде Кулунду айыл Өкмөтүнүн аймагындагы, билим берүүжана айылдык клубтар, китепканалар, соц.коргоо жактан женилдиктерге айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралган турак жайларды ремонттоого каржылаганга чейин бардык дефектик актысы комиссиясы аныкталгандан кийин сметанын негизинде каржылансын.
- 1-январь 2024-жылга бюджеттик каражаттардан калган 12021047,35т (Он эки миллион жыйырма бир мин кырк жети)сом 35 тыйын акча каражаттарынын сметасы №9-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- 1-январь 2024-жылга атайын каражаттардан калган 48396,09 (Кырк сегиз мин уч жуз токсон алты)сом 09 тыйынча каражаттарынын сметасы №10-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- 1-Январь 2024-жылга депозиттерден калган 50298,40(Эллу мин эки жуз токсон сегиз)сом 40тыйынча каражаттарынын сметасы №11-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кулунду айыл Өкмөтүнүн 2023-жылга каржыланбай калган чыгымдар 2024-жылга каралган бюджетинин чегинде каржылансын.
- Кулунду айыл Өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөр айылдык Кенештин сессиясында жактырылгандан кийин аткарууга алынары белгиленсин.
- Кулунду айыл Өкмөтүнүн бюджети боюнча 2024-жылдын 1-январына карата жүргүзүлө турган кассалык накталай акча 50,0 мин сом суммасында белгиленсин.
- Кулнуду айыл Өкмөтүнүн 2024-жылга каралган бюджети 2024-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын м.а. С.А. Надырова