ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 26-сессиясынын отуруму
2024-жылдын 17-январы № 26/4
“Кулунду айыл аймагындагы жерлерди ажыратуу жөнүндө”
Кулунду айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 26-отурумунун №26/1 протоколунун чечиминин 5-6-8-9-пунктунун чечиминин негизинде Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кулунду айыл аймагынан И.Раззаков айылынын чыгыш тарабындагы,Гулякондоз каналынын үстүндөгү 0,45га жерлерин “ Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай,транспорт, байланыш,коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга(трансформациялоо) макулдук берилсин.
- Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу №3-контурдан 0,50 га жер аянты айыл чарба багытындагы жерди бир багыттан экинчи багытка которууга(трансформациялоо) макулдук берилсин.
- КР УКМК ЧК 2021 аскер бөлүгунө айыл аймактын Байзак-Сай участкасынын №851 контурунан 1,0 га жер аянттары таштуу жайыт жерди бир багыттан экинчи багытка которууга(трансформациялоо) макулдук берилсин.
- Кулунду айыл өкмөтүнүн аймагындагы жалпы аянты 135,0 га жер анын ичинен №6 контурунан 56,50 га, №7 контурунан 43,70 га, №11 контурунан 34,80 га жер аянттары таштуу жайыт жерди бир багыттан экинчи багытка которууга(трансформациялоо) макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кулунду айылдык кеңешинин Жер, агрардык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Ушул токтом айылдык Кеңештин каттоосунан өтүп, Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн https://kulundu.gos.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төраганын м.а. С.А. Надырова