Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясынын

 

2024-жыл 20-февралы  №3

 

Сакалды айыл өкмөтүнүн жарандарын сыйлоо жөнүндө

                     

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы токтом  кылат:

1.Сакалды айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана активдүүлүгү үчүн сыйлоого сунушталган жарандардын тизмеси жактырылсын.

2. Төмөнкү жарандарга ”Сакалды айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” сыйлыгы ыйгарылсын:

-Чолпонов Уланычбек Калдарбекович- Ноокен райондук Электр тармактар ишканасынын жетекчиси;

-Турганбаева Акмөөр Бектемировна – Сакалды айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы;

-Назирбаев Мамытбек Токтогулович - Сакалды айылдык кеңешинин депутаты, “ Таймөнкү” СПАнын директору;

- Матсаков Чолпонбай Токтосунович – Сакалды айылынын тургуну;

- Абдувалиев Таалайбек Гапурович – Сакалды айылынын тургуну, жеке ишкер;

- Мурашев Дилшатбек Мырпазылжанович – Сакалды айылындагы “Дыйкан-ордо” пахта тазалоочу заводунун директору.

3.Сакалды айыл өкмөтүнүн ыраазычылык каты ыйгарылсын:

-Ноокен райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жааматына.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын

 

 

 

Төрага

А.Нишанбаев