САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясынын
2024-жыл 20-февралы №5
“Нагдай” үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси Ж.Өскөнбаевдин
арызы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы токтом кылат:
1.“Нагдай” үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси Ж.Өскөнбаевдин арызына жана Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновдун сунушуна негиз “Нагдай” үрөнчүлүк чарбасынын Ноокен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан алган Нагдай участкасындагы №39 контурдагы 10,5 га, №11 контурдагы 20,0 га, №8 контурдагы 21,8 га, №8а контурдагы 6,3га жерлери жалаң скважинадан суугарылгандыктан жана суугаруучу скважиналарды дайыма өз каражатынын эсебинен ремонттогондуктан жердин ижара акысы жылына 1 га үчүн (471,12 сом х 15 эсе = 7066,8 сом) 7066,8 сом деп өзгөртүлсүн.
2. “Нагдай” үрөнчүлүк чарбасынын Ноокен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан алган Нагдай участкасындагы №39 контурдагы 10,5 га, №11 контурдагы 20,0 га, №8 контурдагы 21,8 га, №8а контурдагы 6,3 га жердин ижара акысы 2024-жылдан жылына 1 га үчүн 7066,8 сом деп ижара келишимин түзүү Ноокен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Нишанбаев |