ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Чаувай айылдык кеңешинин УП-чакырылыш кезексиз ХIII сессиясы
2023-жылдын 29-майындагы № 13/1
Чаувай айылдык аймагынын бюджетинин киреше жана чыгашаларын 2024-2025-2026-жылдар долбоорун жактыруу жөнүндө
Чаувай айылдык аймагынын 2024-2025-2026-жылдар учун бюджеттин божомолдуу долбоору 1998-жылдын 11-июнундагы №78 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде түзүлүп, Чаувай айыл аймагынын финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы - башкы эсепчисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Чаувай айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаувай айыл аймагынын 2024- жылга киреше бөлүгү 3131,6 миң сом , 2025-жылга 3131,6 мин сом, 2026-жылга 3131,6 мин сом ,кирешелердин долбоору жактырылсын.
2. Айыл аймагынын 2024-жылга 6793,6 миң сом, 2025-жылга 6793,6 миң сом, 2026-жылга 6793,6 миң сом болуп чыгашалардын долбоору жактырылсын.
3. Айыл аймагы боюнча жетишпеген суммалар 2024-жылга 3662,0 миң сом жетишпестик менен, 2025- жылга 3662,0 миң сом ,2026-жылга 3662,0 миң сом жетишпестик менен биргеликте жана жетишпеген сумманы КР финансы министрлигинен суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
| А.Юсупов |