Редакцияот 27.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 28-сессиясынын отуруму

 

2024-жылдын 27-февралы № 28/1

“Кулунду айыл аймагындагы ички арыктарды өткөрүп берүү жөнүндө”

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 28-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Кулунду айыл аймагындагы 142 км 800 метр ички арыктарды Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын карамыгына өткөрүп берилсин. 

2.     Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кулунду айылдык кеңешинин Жер, агрардык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4.     Ушул токтом айылдык Кеңештин каттоосунан өтүп, Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн https://kulundu.gos.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

 

 

Төрага

А.А. Досов