Редакцияот 27.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Чаувай айылдык кеңешинин VП-чакырылыш кезексиз ХУ сессиясы

 

 

2023-жылдын 27-сентябрындагы № 15/1

 

 

Чаувай жана Уч-Коргон айыл аймактарын бириктирүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан ары чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыв жөнүндө “ Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65 “Кыргыз Республикасынын администрациялык аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамынын 12-беренесинге ылайык Чаувай жана Уч-Коргон айыл аймактарын бириктирүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып Чаувай айылдык кеңеши

 

Ч Е Ч И М К Ы Л А Т:

 

1. Чаувай жана Уч-Коргон айыл аймактарын бириктирүүгө айылдык кеңештин депутаттарынын төмөнкү сунуштардын жана талаптардын аткарылуусу менен макулдук берилсин:

1. Чаувай айылындагы жайытка жараша сырттан келген малдарды киргизүүнү;

2 .Айылдагы турак жай куруу үчүн жер муктаждарга жер участогу менен камсыз кылуу;

3. Ичүүчү таза суу жана сугат суусу маселелерин чечип берүүнү;

4. Уч-Коргон-Чаувай автолунда жылына улантылып жаткан асфальттоо иштерин аягына чейин жеткирүунү;

5. Мектеп окуучуларынын мектепке келип кетүүсү үчүн окуучулардын автобусунун айыл өкмөтүнөн каржыланып келген чыгымдарын мындан ары да каржылоосун;

6. Өкмөттөр кошулгандан кийин өкмөт башчысы же болбосо башчысынын орун басарына Н.Назаровду дайындоосун жана учурда иштеп жаткан аппарат кызматкерлерин жумуш менен камсыз кылуусун;

7. Чаувай айылы Уч-Коргон айыл өкмөтүнөн алыс болгондугуна байланыштуу айыл өкмөтүнүн имаратында филиал катары элди жайында керектүү документтер менен (паспорт берүү,нике,туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү берүү, базага киргизүү,ОМСтер )тейлөө иштерин алып барылуусун;

8. Айыл аймактын борборунан жогору Ясная-Поляна көчөсүнө чейинки негизги автожолду ДЭПтин балансына киргизуу маселесин чечип берүүнү сунуш кылуу менен талап кылабыз.

2. Чаувай жана Уч-Коргон айыл аймактарын бириктирүү

жана аймактын аталышын Бөрүбай Кулбаев деп атоо Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

3. Тиешелүү маалыматтарды тактоо жана ушул токтомду мыйзам

чегинде аткарылышын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Чаувай айылдык кеңештин төрагасы:

 

А.Юсупов