КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 28-сессиясынын отуруму
2024-жылдын 27-февралы № 28/3
“Кулунду айыл аймагындагы жерлердин багытын өзгөртүү жөнүндө”
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 28-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап
- Кулунду айыл аймагынын Бешкент айыл аймагы тарабындагы №1000 контурдагы 1,30 га жерди бак отургузуп өздөштүрүү үчүн бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
- Кулунду айыл аймагынын Булак- Башы айылынын туштүк тарабынан №484 контурдан Цемент завод куруп иштетүү үчүн 20,0 га жер ажыратуу жана бир түрдөн экинчи түргө которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
- Раззаков- кальцо авто жолунун оң тарабында, Кулунду жазуунун тундүк тарабында жайгашкан 0,10 га жайыт жерди бир багыттан экинчи багытка которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
- Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу Эски оочу айылынын күн батыш тарабынан, Кулунду каналынын үстүндө жайгашкан Кулунду айыл өкмөтүнун жайыт жеринен 0,20 га жерди бир багыттан экинчи багытка которуу(трансформациялоо) макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кулунду айылдык кеңешинин Жер, агрардык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Ушул токтом айылдык Кеңештин каттоосунан өтүп, Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн https://kulundu.gos.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.