Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
IХ чакырылыш кезектеги XIX сессия
2022-жылдын 12-июлу № 11
Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктун негиз кылып, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, регламент, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин Регламенти №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 13.03.2013-жылдагы V-сессиясынын №1-токтому жокко чыгарылсын.
3. Жалал-Абад шаардык кеӊештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери бекитилген Регламентин негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, регламент, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Орозбаев |