ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК АЙМАТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-февралы № 1
Өзгөрүш айылдык аймактык Кеңешинин 2024-жылдын 15-февралындагы VIII- чакырылышынын 2- сессиясында Бакай-Ата райондук прокуратурасынын 2024-жылдын 08-февралындагы №11/4-24 сандуу талабында Өзгөрүш айылынын тургуну томолой жетим бала Абдымамбетов Келсинбек Каныбековичге турак жай жана жер участок менен камсыз кылуу боюнча маселени угуп, талкуулап чыгып, Өзгөрүш айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 жана 32-беренесинин Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодексинин 44-берене 1-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө Кодексинин 13-берене 5-бөлүгүнүн талаптарына ылайык там салууга №745-контурунан 0,10 га кыймылсыз мүлк жер участогу Өзгөрүш айылынын тургуну Абдыманбетов Келсинбек Каныбековичге менчигине бекитилип берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер участогу максаттуу пайдаланышын Бакай-Ата райондук шаар курулуш архитектурадан участоктун чектерин аныктатуу жер ресурстар кызматын Бакай-Ата филиалына каттоодон өткөрүү жагын көзөмөлдөө Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы З. Надырбаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Т. Бечелов |