ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК АЙМАТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-февралы № 3
Өзгөрүш айылдык аймактык Кеңешинин 2024-жылдын 15-февралындагы VIII-чакырылышынын 2-сессиясында Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевдин Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө сунушун угуп, талкуулап, Өзгөрүш айылдык кеңеши
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2023-жылдын 20-апрель айында кабыл алынган № 154-НИ “Кыргыз Республикасынын Жер фондусун инвентаризациялоо тартиби жөнүндөгү” буйругунун негизинде жана ушул жобонун талаптарына ылайык “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Өзгөрүш айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, Өзгөрүш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долборлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Өзгөрүш айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча материалда-рынын жыйынтыгына оңдоо түзөө иштерине киргизилген өзгөртүүлөр материалдары бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т. Бечелов |