Сравнение редакций…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 27-декабры № 101
Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну жактыруу тууралуу
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө тиркелүүчү макулдашуу жактырылсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
макулдашууда көрсөтүлгөн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын максаттуу пайдаланылуусуна контролду камсыздасын;
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы менен бирдикте Бишкек шаарынын аймагында видеобайкоо камераларын жайгаштыруу точкаларын аныктасын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
| К.Конгантиев |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы N 101 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы КЫЗМАТТАШУУ ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУ
Бишкек шаары |
| 2023-жыл "___" _____________ |
Биринчи тараптан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иш жүргүзүүчү министр Улан Омоканович Ниязбековдун атынан, мындан ары "КР ИИМ" деп аталуучу, экинчи тараптан Бишкек шаарынын мэриясы, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иш жүргүзүүчү, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джанышбекович Джунушалиевдин атынан, мындан ары "Мэрия" деп аталуучу, мындан ары бирге "Тараптар" ден бирдикте аталуучулар төмөндөгүлөр тууралуу КР ИИМи менен Мэриянын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) түзүштү:
1. Жалпы жоболор
1.1. Тараптар ушул Макулдашууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин, тактап айтканда "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен ишке ашырышат.
1.2. Тараптар ушул Макулдашууну сырткы видеобайкоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен түзүшөт.
1.3. Тараптар ушул Макулдашууну коомдук коопсуздук маселелерин чечүүнүн, соода, көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык ченемдерди сактоонун натыйжалуулугун эске алуу менен биргелешкен күч-аракеттердин негизинде түзүшөт.
2. Келишимдин предмети
2.1. Макулдашуунун предмети болуп Тараптардын мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, ошондой эле санариптештирүү боюнча биргелешкен чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашыруу жаатындагы кызматташуусу саналат.
2.2. Ушул Макулдашуу КР ИИМ менен Мэриянын ыйгарым укуктарынын алкагында Тараптардын ортосундагы маалымат алмашуу бөлүгүндө Тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн жалпы талаптарын, ошондой эле видеобайкоо камераларын сатып алуу, Бишкек шаарынын аймагына орнотуу жана андан аркы эксплуатациялоо маселелерин практикалык ишке ашыруунун алкагында Тараптардын өз ара аракеттенүү шарттарын аныктайт.
2.3. Тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде мыйзамдуулук, ырааттуулук жана купуялуулук принциптери камтылган.
3. Тараптардын укуктары жана милдеттери
3.1. Мэрия төмөнкүлөргө милдеттенет:
2023-жылы Тараптар ортосунда макулдашылган аймактар (жайгаштыруу түйүндөрү) боюнча Бишкек шаарынын аймагына орнотуу үчүн сатып алына турган камераларды, борттук программалык-аппараттык комплексти (адамдарды идентификациялоо, автотранспорт каражаттарынын номерлерин айырмалоо функциясы менен) жана комплекттөөчү материалдарды (тизмеси тараптар ортосунда макулдашылат) эсепке алуу менен сервердик жабдууларды, видеобайкоо камераларын жана башка аппараттык орнотмолорду, анын ичинде видеобайкоо тутумдарын (VMS) түзүүгө программалык камсыздоо лицензиясын сатып алуу үчүн Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгын 40 (кырк) миллион сомго каржылоого;
Мэриянын компетенциясынын алкагында уруксат берүүчү жана башка административдик ченемдер жана талаптар менен байланышкан маселелерди ыкчам чечүүгө көмөк көрсөтүүгө;
иш планына ылайык жыл сайын видеобайкоо камераларына тоскоол болгон дарактарды бутоо иштерин жүргүзүүгө жана видеобайкоо камераларынын түздөн-түз жайгаштыруу точкаларын санитардык тазалоону (макулдашылган график боюнча) жүзөгө ашырууга;
адамдарды, автотранспорт каражаттарынын номерлерин айырмалап билүүгө жана комплекттөөчү материалдарга техникалык тапшырманы (спецификацияларды) иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүгө.
3.2. КР ИИМ төмөнкүлөргө милдеттенет:
2023-жылы бөлүнүүчү каражаттардын чегинде ______ аз эмес видеобайкоо камерасын сатып алууга жана орнотууга, ошондой эле бөлүнүүчү каражаттардын алкагында сервердик жабдууларды жана комплекттөөчү материалдарды сатып алууга;
Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын эсебинен орнотулган видеобайкоо камераларын, сервердик жабдууларды жана комплектөөчү материалдарды өз балансына кабыл алууга жана жыл сайын өз каражаттарынын эсебинен тейлөөнү камсыздоого;
мэриянын ыйгарым укуктуу органына Бишкек шаарынын аймагында орнотулган камералар боюнча видеоматериалдарды куруу укугун камсыздоого;
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына бөлүнгөн каражаттардын чегинде байланыш каражаттарын кошо, орнотулган жабдууларды жана системаны техникалык коштоону жана колдоону камсыздоого;
мэриянын ыйгарым укуктуу органынын суроо-талабы боюнча административдик укук бузууларга жол берген (соода, көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык ченемдерди ж.б. бузгандар) адамдар боюнча жеке маалыматтарга тиешелүү зарыл маалыматтарды мыйзамдарда белгиленген тартипте берүүгө;
3 жылдын ичинде КР ИИМ тарабынан колдонулуучу программалык продуктуну мэриянын административдик укук бузууларды (соода, көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык ченемдерди ж.б. бузуулар) автоматтык түрдө тартып алуу бөлүгүндөгү муктаждыктарын эске алуу менен модернизациялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга.
3.3. Тараптар Бишкек шаарынын райондору боюнча ыйгарым укуктуу органды аныкташат.
3.4. Тараптар ушул Макулдашуунун шарттарын сактоого жана аткарууга тийиш.
3.5. Тараптар ушул Макулдашууга карата кошумча макулдашууларга кол тамга коюуга укуктуу.
3.6. Тараптардын бири ушул Макулдашуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаса, Тараптар ушул Макулдашууну бузуу укугуна ээ.
4. Талаштарды чечүү
4.1. Ушул Макулдашууну аткаруунун жүрүшүндө Тараптардын ортосунда пайда болгон бардык талаштар жана келишпестиктер сүйлөшүү жолу менен чечилет.
4.2. Тараптар ортосунда макулдашуу болбогон учурда, талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилүүгө тийиш.
5. Корутунду жоболор
5.1. Ушул Макулдашуу Тараптар кол тамга койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана _____ айдын ичинде иштейт.
5.4. Ушул Макулдашууга киргизилүүчү бардык өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор жазуу жүзүндө таризделип, кол тамга коюлуп Тараптардын тийиштүү мөөрлөрү менен бекитилген учурда гана күчкө ээ болот.
5.5. Ушул Макулдашуу Тараптардын ар бири үчүн бирден нускада, бирдей юридикалык күчкө ээ болгон мамлекеттик жана расмий тилдерде 2 (эки) нускада түзүлдү.
Тараптардын кол тамгалары:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
| Бишкек шаарынын мэриясы |
|
|
|
Министр |
| Мэр |
_________________ У.О.Ниязбеков |
| _________________ А.Дж.Джунушалиев |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 27-декабры № 101
Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунунун долбоорун жактыруу тууралуу
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 127 токтомунун редакциясына ылайык)
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө тиркелүүчү макулдашуунун долбоору жактырылсын.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 127 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Бишкек шаарынын мэрине принципиалдуу эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен тиркелүүчү макулдашуунун долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 127 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
макулдашууда көрсөтүлгөн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын максаттуу пайдаланылуусуна контролду камсыздасын;
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы менен бирдикте Бишкек шаарынын аймагында видеобайкоо камераларын жайгаштыруу точкаларын аныктасын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
| К.Конгантиев |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 101 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы КЫЗМАТТАШУУ ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУ
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 127 токтомунун редакциясына ылайык)
Бишкек шаары |
| 2024-жыл "___" _____________ |
Биринчи тараптан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иш жүргүзүүчү министр Улан Омоканович Ниязбековдун атынан, мындан ары "КР ИИМ" деп аталуучу, экинчи тараптан Бишкек шаарынын мэриясы, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иш жүргүзүүчү, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джанышбекович Джунушалиевдин атынан, мындан ары "Мэрия" деп аталуучу, мындан ары бирге "Тараптар" ден бирдикте аталуучулар төмөндөгүлөр тууралуу КР ИИМи менен Мэриянын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) түзүштү:
1. Жалпы жоболор
1.1. Тараптар ушул Макулдашууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин, тактап айтканда "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен ишке ашырышат.
Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртуу, ошондой эле материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жака коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында, өз ара пайдалуу кызматташууну эске алуу менен, Бишкек шаарынын мэриясы жергиликтүү бюджеттен Бишкек шаарынын ИИББсынын муктаждыктары үчүн материалдык-техникалык жабдууларды сатып алууга жана ремонт иштерине каражаттарды карайт.
1.2. Тараптар ушул Макулдашууну сырткы видеобайкоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен түзүшөт.
1.3. Тараптар ушул Макулдашууну коомдук коопсуздук маселелерин чечүүнүн, соода, көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык ченемдерди сактоонун натыйжалуулугун эске алуу менен биргелешкен күч-аракеттердин негизинде түзүшөт.
2. Келишимдин предмети
2.1. Макулдашуунун предмети болуп Тараптардын мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, ошондой эле санариптештирүү боюнча биргелешкен чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашыруу жаатындагы кызматташуусу саналат.
2.2. Ушул Макулдашуу КР ИИМ менен Мэриянын ыйгарым укуктарынын алкагында Тараптардын ортосундагы маалымат алмашуу бөлүгүндө Тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн жалпы талаптарын, ошондой эле видеобайкоо камераларын сатып алуу, Бишкек шаарынын аймагына орнотуу жана андан аркы эксплуатациялоо маселелерин практикалык ишке ашыруунун алкагында Тараптардын өз ара аракеттенүү шарттарын аныктайт.
2.3. Тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде мыйзамдуулук, ырааттуулук жана купуялуулук принциптери камтылган.
3. Тараптардын укуктары жана милдеттери
3.1. Мэрия төмөнкүлөргө милдеттенет:
2024-жылы Тараптар ортосунда макулдашылган аймактар (жайгаштыруу түйүндөрү) боюнча Бишкек шаарынын аймагына орнотуу үчүн сатып алына турган камераларды, борттук программалык-аппараттык комплексти (адамдарды идентификациялоо, автотранспорт каражаттарынын номерлерин айырмалоо функциясы менен) жана комплекттөөчү материалдарды (тизмеси тараптар ортосунда макулдашылат) эсепке алуу менен сервердик жабдууларды, видеобайкоо камераларын жана башка аппараттык орнотмолорду, анын ичинде видеобайкоо тутумдарын (VMS) түзүүгө программалык камсыздоо лицензиясын сатып алуу үчүн Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгын 40 (кырк) миллион сомго каржылоого;
Мэриянын компетенциясынын алкагында уруксат берүүчү жана башка административдик ченемдер жана талаптар менен байланышкан маселелерди ыкчам чечүүгө көмөк көрсөтүүгө;
иш планына ылайык жыл сайын видеобайкоо камераларына тоскоол болгон дарактарды бутоо иштерин жүргүзүүгө жана видеобайкоо камераларынын түздөн-түз жайгаштыруу точкаларын санитардык тазалоону (макулдашылган график боюнча) жүзөгө ашырууга;
адамдарды, автотранспорт каражаттарынын номерлерин айырмалап билүүгө жана комплекттөөчү материалдарга техникалык тапшырманы (спецификацияларды) иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүгө.
3.2. КР ИИМ төмөнкүлөргө милдеттенет:
2024-жылы бөлүнүүчү каражаттардын чегинде ______ аз эмес видеобайкоо камерасын сатып алууга жана орнотууга, ошондой эле бөлүнүүчү каражаттардын алкагында сервердик жабдууларды жана комплекттөөчү материалдарды сатып алууга;
Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын эсебинен орнотулган видеобайкоо камераларын, сервердик жабдууларды жана комплектөөчү материалдарды өз балансына кабыл алууга жана жыл сайын өз каражаттарынын эсебинен тейлөөнү камсыздоого;
мэриянын ыйгарым укуктуу органына Бишкек шаарынын аймагында орнотулган камералар боюнча видеоматериалдарды куруу укугун камсыздоого;
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына бөлүнгөн каражаттардын чегинде байланыш каражаттарын кошо, орнотулган жабдууларды жана системаны техникалык коштоону жана колдоону камсыздоого;
мэриянын ыйгарым укуктуу органынын суроо-талабы боюнча административдик укук бузууларга жол берген (соода, көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык ченемдерди ж.б. бузгандар) адамдар боюнча жеке маалыматтарга тиешелүү зарыл маалыматтарды мыйзамдарда белгиленген тартипте берүүгө;
3 жылдын ичинде КР ИИМ тарабынан колдонулуучу программалык продуктуну мэриянын административдик укук бузууларды (соода, көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык ченемдерди ж.б. бузуулар) автоматтык түрдө тартып алуу бөлүгүндөгү муктаждыктарын эске алуу менен модернизациялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга.
3.3. Тараптар Бишкек шаарынын райондору боюнча ыйгарым укуктуу органды аныкташат.
3.4. Тараптар ушул Макулдашуунун шарттарын сактоого жана аткарууга тийиш.
3.5. Тараптар ушул Макулдашууга карата кошумча макулдашууларга кол тамга коюуга укуктуу.
3.6. Тараптардын бири ушул Макулдашуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаса, Тараптар ушул Макулдашууну бузуу укугуна ээ.
4. Талаштарды чечүү
4.1. Ушул Макулдашууну аткаруунун жүрүшүндө Тараптардын ортосунда пайда болгон бардык талаштар жана келишпестиктер сүйлөшүү жолу менен чечилет.
4.2. Тараптар ортосунда макулдашуу болбогон учурда, талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилүүгө тийиш.
5. Корутунду жоболор
5.1.Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 3 (үч) жылдын ичинде колдонулат.