Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы

2024-жылы 20-февралы № 74

 

“Дара Тазалык” МИнын 2023-жылда аткарган иштери жана 2024-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө

 

“Дара Тазалык” МИнын 2022-жылда аткарган иштери жана 2023-жылга карата түзүлгөн бюджети жөнүндө М.Зайналовдун даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши  токтом кылат: 

 

1.              Дара айыл аймагындагы “Дара Тазалык” МИнын 2023-жылга отчёту кемчилдиктер менен  канааттандырарлык деп белгиленсин.

2.Дара айыл аймагындагы “Дара Тазалык” МИнын 2024-жылга  карата түзүлгөн  бюджетинин киреше бөлүгү 705200 (жети жүз беш мин эки жүз) сом, чыгаша бөлүгү 852 600 (сегиз  жүз элүү эки мин алты жүз) сомго бекитилсин.

3.2024-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет №1)

4.Киреше бөлүгүнө жетпеген акча каражаты айыл өкмөтү тарабынан субсидия катарында каржыланып берилсин.

5.“Дара Тазалык” МИнын кызматын пайдаланган ар бир кожолук үчүн милдеттүү түрдө айына 50 (элүү) сом тариф болуп белгиленсин.

6.Бюджеттик мекеме ишканалардагы ар бир адамга 100 сомдон, ал эми мектептер жана бала-бакчалардагы ар бир бала үчүн 5 сомдон болуп тариф белгиленсин.

7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясына айыл өкмөтүнүн орун басары Д.Анапияевке милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык

кеңешинин төрайымы:

 

Р.Сайкалова

 

 

“Бекитемин”

Дара айылдык Кенешинин  VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын №74 токтомуна тиркеме №1

 

«Дара Тазалык МИнын 2024-жылга карата түзүлгөн иш планы.

 

№

Аткарылуучу иштин мазмууну

Мөөнөтү

Аткарууга жооптуу

1

«Дара Тазалык МИнын 2024-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитуу жана бюджеттик ишканалар менен келишимдерди түзүү

2024-жыл январь айы

Ишкананын башчысы

2

Жогорку мамлекеттик органдардан келген токтом, буйрук каттар менен иштөө

Дайыма

Ишкананын башчысы

3

«Дара Тазалык МИнын  2023-жылга түзүлгөн иш планы аткарылышы жөнүндө отчету

Февраль айы

Башкармалыктын башчы мучолору

4

«Дара Тазалык МИнын  2024-жылга түзүлгөн  бюджетин кенеште бекитүү

Март айы

Ишкананын башчысы

5

Калктын бюджеттик мекемелердин таштандыларын өз убагында үзгүлтүксүз  ташып тазалыкты камсыздоо

Дайыма

Ишкананын башчысы

6

Калка таштандыларды чыгарууга активтүү катышууга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Дайыма

Ишкананын башчысы айыл башчылар жооптуу кызматкерлер

7

Тарифтерди өз убагында төлөөну уюштуруу

Дайыма

Ишкананын башчысы

8

Ишкананын ишин жандандыруу үчүн эл аралык уюмдар менен тыгыз иштоо

Дайыма

Ишкананын башчысы

9

«Дара Тазалык МИнын  иштегендерге маралдык материалдык колдоо  көрсөтүү

Дайыма

Ишкананын башчысы

 

 

  

«Дара Тазалык» МИнын башчысы М.Зайналов