Редакцияот 27.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 107 № токтомуна тиркеме

Муниципалдык транспорттук ишканалардын чыгымдарын компенсациялоо үчүн Бишкек шаарынын бюджетинен субсидия бөлүү тартиби жөнүндө ЖОБО

I. Жалпы жоболор

1. Муниципалдык транспорттук ишканалардын чыгымдарын компенсациялоо үчүн Бишкек шаарынын бюджетинен субсидия бөлүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) жөнгө салуучу тарифтер боюнча муниципалдык жүргүнчү транспорту менен жүргүнчү ташууга байланыштуу пайда болуучу муниципалдык транспорттук ишканалардын чыгымдарын компенсациялоо үчүн Бишкек шаарынын бюджетинен субсидия бөлүү тартибин жана шарттарын аныктайт.

2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.

3. Субсидиялар иш жүзүндөгү экономикалык негиздүү чыгымдардын ордун толтурууну камсыздабаган жөнгө салуучу тарифтер боюнча муниципалдык жүргүнчү транспорту менен жүргүнчү ташууга байланыштуу келип чыккан жабылбаган чыгымдардын ордун толтуруу максатында Бишкек шаарынын бюджетинен муниципалдык ишканаларга берилет.

4. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:

субсидия - иш жүзүндөгү экономикалык негиздүү чыгымдардын ордун толтурууну камсыздабаган жөнгө салуучу тарифтер боюнча муниципалдык жүргүнчү транспорту менен жүргүнчү ташууга байланыштуу келип чыккан жабылбаган чыгымдарды компенсациялоо үчүн муниципалдык транспорт ишканасына акысыз жана кайтарымсыз негизде берилүүчү акча каражаттары.

жөнгө салынуучу тарифтер - Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен бекитилген Бишкек шаарында коомдук жүргүнчү транспорту (троллейбус, автобус, маршруттук такси) менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташууга карата тарифтер.

экономикалык негизделген чыгымдар - муниципалдык транспорттук ишканалардын жүргүнчүлөрдү муниципалдык жүргүнчү транспорту менен ташуу процессинде жүргүзүлгөн акчалай маанидеги чыгымдарынын жыйындысы, анын ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан тийиштүү мезгилде белгиленген салыктар жана рентабелдүүлүк.

муниципалдык транспорттук ишканалар - "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" жана "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканалары.

Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы - Бишкек шаарында коомдук жүргүнчү транспортунун, автомобиль жолдорунун жана жол-транспорт инфратүзүмүнүн иштешин камсыздоо чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты жана башкарууну ишке ашыруучу Бишкек шаарынын мэриясынын бөлүмү.

5. Субсидияларды төлөө үчүн зарыл болгон финансы каражаттары Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген бюджеттик каражаттардын чыгашалар сметасынын негизинде тийиштүү жылга Бишкек шаарынын бюджетин түзүүдө жыл сайын каралат.

6. Бюджеттик каражаттардын чыгашалар сметасы менен төмөндөгүлөр аныкталат:

субсидиялардын өлчөмү (көлөмү);

субсидиянын өлчөмүн (көлөмүн) ай сайын бөлүштүрүү.

2. Субсидиялардын өлчөмүн (көлөмүн) аныктоо тартиби

7. Бюджеттик каражаттардын чыгашалар сметасына салынган субсидиялардын өлчөмүн (көлөмүн) эсептөө үчүн негиз катары бир жүргүнчүнү ташуунун пландуу өздүк наркы алынат, ал чыгымдардын төмөнкү беренелерин камтыйт:

1) жүргүнчүлөрдү ташууга карата чыгашалар төмөндөгүлөргө карата чыгымдардан турат:

штаттык ырааттамага ылайык эсептелген эмгек акы фонду;

социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр;

100 километр жүрүүгө карата ченемдик маалыматтардын негизинде отунга, метанга жана майлоочу материалдарга карата чыгымдар;

даярдоочу заводдун паспорттук маалыматтарына ылайык электр энергиясына карата чыгымдар;

100 километр жүрүүгө карата эскирүү ченемдерине ылайык автодөңгөлөккө карата чыгымдар;

муниципалдык жүргүнчү транспортун күтүүгө жана утурумдук оңдоого карата чыгымдар;

жалпы чарбалык чыгашалар;

2) жүргүнчүлөрдү ташуунун пландуу көлөмү;

Бир жүргүнчүнү ташуунун пландуу өздүк наркы төмөндөгү формула боюнча аныкталат:

 

С/с 1-жүр. = Rжалп. : О,

мында:

С/с жүр. - бир жүргүнчүнү ташуунун пландуу өздүк наркы;

Rжалп - жүргүнчүлөрдү ташуунун пландуу чыгашалары;

О - жүргүнчүлөрдүн көлөмү.

Субсидиялардын өлчөмү төмөндөгү формула боюнча аныкталат:

 

мында:

∑дот. - субсидиянын суммасы;

С/с - бир жүргүнчүнү ташуунун пландуу өздүк наркы;

Ттариф - бир жүргүнчүнү ташууга карата бекитилген тариф;

P - жүргүнчүлөрдүн пландуу көлөмү.

8. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы бир жүргүнчүнү ташуунун пландык өздүк наркын аныктоо боюнча муниципалдык транспорттук ишканалардын эсептөөлөрүнүн тууралыгын текшерет жана оңдоолорду киргизет.

3. Чыгымдарды жабууга карата субсидияларды төлөө тартиби

9. Муниципалдык транспорттук ишканалардын чыгымдарын жабууга карата субсидияларды төлөө ыйгарым укуктуу финансы органы тарабынан ай сайын жүргүзүлөт.

10. Муниципалдык жүргүнчү транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн натыйжасында түзүлгөн муниципалдык транспорттук ишканалардын чыгымдарын жабууга карата субсидия өлчөмү бир жүргүнчүнү ташууга карата экономикалык негизделген иш жүзүндөгү чыгымдар менен бир жүргүнчүнү ташууга бекитилген тарифтин ортосундагы айырманы эсептөө, аны отчеттук айдын ичинде ташылган жүргүнчүлөрдүн иш жүзүндөгү санына көбөйтүү жолу менен аныкталат.

11. Чыгымдарды жабууга субсидия которуу үчүн муниципалдык транспорттук ишканалар ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына жана ыйгарым укуктуу финансы органына иш жүзүндө ташылган жүргүнчүлөрдүн саны, жүргүнчүлөрдү ташуудан түшкөн кирешелер жана чыгашалар жөнүндө 1-, 2-форма боюнча отчетторду (мындан ары - ай сайын берилүүчү отчеттор), 3-форма боюнча чыгымдарды жабууга субсидиялардын өлчөмдөрүнүн эсептерин жана тастыктоочу документтерди беришет.

12. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы муниципалдык транспорттук ишканалар тарабынан берилген чыгымдарды жабууга карата ай сайын берилүүчү отчеттордун, чыгымдарды жабууга субсидиялардын өлчөмүн эсептөөлөрдүн тууралыгын текшерет жана 20 сына чейинки мөөнөттө субсидияны которуу үчүн ыйгарым укуктуу финансылык органга табыштама жөнөтөт.

13. Ыйгарым укуктуу финансы орган Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын табыштамасынын негизинде, ай сайынкы отчетторго, эсептөөлөргө жана тиркелүүчү тастыктоочу документтерге ылайык субсидияларды которот.

4. Отчеттуулук

14. Муниципалдык транспорттук ишкана берилген субсидиялардын пайдаланылышы жөнүндө квартал сайын жана жылдык отчетторду түзүшөт жана отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен аларды Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына жана ыйгарым укуктуу финансы органына беришет.

15. Берилген отчеттордун маалыматтарынын жана муниципалдык транспорттук ишканалардын финансы-чарбалык иш-аракеттеринин көрсөткүчтөрүн талдоонун негизинде ыйгарым укуктуу финансы органы тарабынан учурдагы финансылык жылга субсидиялардын көлөмүн тактоо жүргүзүлөт. Отчеттук мезгилде субсидиялардын ашыкча же жетишсиз каржылоо кийинки отчеттук мезгилдин каржылоо көлөмүнө эсептелинет.

16. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы квартал сайын жана Бишкек шаарынын мэриясынын ички аудит бөлүмү жылдын жыйынтыгы боюнча муниципалдык транспорттук ишканалар тарабынан субсидияларды пайдалануунун максаттарынын, тартибинин жана шарттарынын сакталышын текшерүүнү жүзөгө ашырат.

17. Муниципалдык транспорттук ишканалар тарабынан субсидияны пайдалануу шарттары бузулгандыгы белгиленген учурда, анын өлчөмүн табылган бузуулардын суммасына азайтуу жолу менен келечектеги мезгилге карата субсидиянын суммасын оңдоо жүргүзүлөт.

18. Муниципалдык транспорттук ишканалардын жетекчилери берилген отчеттордун, эсептешүүлөрдүн жана документтердин аныктыгы, ошондой эле акча каражаттардын максаттуу пайдаланылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген жоопкерчиликти тартышат.

 

Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси

 

И.Аденов

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 107 токтому менен бекитилген "Муниципалдык транспорттук ишканалардын чыгымдарын компенсациялоо үчүн Бишкек шаарынын бюджетинен субсидия бөлүү тартиби жөнүндө" жобого № 1 тиркеме

№ 1 форма

Бир айда иш жүзүндө жүргүнчүлөрдү ташуу жөнүндө отчет

№

Бекитилген тариф

Отчеттук мезгил ичинде ташылган жүргүнчүлөрдүн саны

Отчеттук мезгил ичинде жүргүнчүлөрдү ташуудан алынган сумма

 

 

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси

 

И.Аденов

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 107 токтому менен бекитилген "Муниципалдык транспорттук ишканалардын чыгымдарын компенсациялоо үчүн Бишкек шаарынын бюджетинен субсидия бөлүү тартиби жөнүндө" жобого № 2 тиркеме

№ 2 форма

Жүргүнчүлөрдү ташуудан кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет

№

Көрсөткүчтөрдүн аталышы

Ченем бирдиги

Сумма (миң сом)

1

Отчеттук мезгилде жүргүнчүлөрдү ташуудан алынган сумма (кирешелерди чечмелөө)

миң сом

 

2

Жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмү

миң жүргүнчү

 

3

Чыгашалардын беренелери боюнча жүргүнчүлөрдү ташууга чыгашалар

миң сом

 

4

Бир жүргүнчүнү ташуунун өздүк наркы

сом

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси

 

И.Аденов

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 107 токтому менен бекитилген "Муниципалдык транспорттук ишканалардын чыгымдарын компенсациялоо үчүн Бишкек шаарынын бюджетинен субсидия бөлүү тартиби жөнүндө" жобого № 3 тиркеме

№ 3 форма

Чыгымдарды жабууга субсидиялардын эсеби

№

Бир жүргүнчүнү ташууга карата бекитилген тариф

Отчеттук мезгил ичинде бир жүргүнчүнү ташуунун иш жүзүндөгү өздүк наркы

Иш жүзүндөгү өздүк нарк менен бекитилген тарифтин ортосундагы айырма (3-2)

Отчеттук мезгилде ташылган жүргүнчүлөрдүн иш жүзүндөгү көлөмү

Субсидиянын суммасы (миң сом) (4 х 5)

1

2

3

4

5

6

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси

 

И.Аденов