Редакцияот 27.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 27-декабры № 108

Бишкек шаарындагы гулбакчага "Кыргыз Республикасынын Эл артисти Төлөгөн Томотоев атындагы гулбакча" аталышын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 09-3/1318 өтүнүч катын, 2022-жылдын 2-июнундагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарындагы "Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу маселелерин кароо жөнүндө" кеңешмесинин № 18-2137 протоколун, Бишкек шаарында топонимика жана элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын жыйынынын 2022-жылдын 12-октябрындагы № 4 протоколун эске алуу менен, шаардыктардын жана борбордун меймандарынын эс алуусун уюштуруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген чиймеге ылайык, Бишкек шаарындагы Анарбек Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан гүлбакчага "Кыргыз Республикасынын Эл артисти Төлөгөн Томотоев атындагы гулбакча" аталышы ыйгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалы, "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы эсепке алуу, инвентаризациялоо маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:

үч айлык мөөнөттө тиркелген чиймеде белгиленген жер участокту бөлүүнүн жана аны Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кайтаруунун мыйзамдуулугу маселени карап чыксын;

жасалган иштин жыйынтыгы боюнча, тийиштүү Бишкек шаардык кеңешимин токтом долбоорун киргизсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жөнөтүлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

К.Конгантиев

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 108 токтомуна тиркеме

Айни - А.Бакаев көчөлөрүнүн чектериндеги гүлбакчага Төлөгөн Томотоевдин атын ыйгаруу ЧИЙМЕСИ

Графикалык көчүрмөсүн караңыз.

 

Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси

 

И.Аденов