АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI - сессиясы
2024-жылдын 1-февралы № 246
Мечит салууга жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
Айыл аймагындагы айыл тургундарынын Ногой уулу Кулуш мечитинин күн чыгыш тарабына демөөрчүлөрдүн жардамы менен курула турган эки этаж мечитке жанындагы бош турган муниципалдык менчиктеги 0,07 га жерди бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI –сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ногой уулу Кулуш мечитинин күн чыгыш тарабындагы бош турган муниципалдык менчиктеги 0,07 га жер эки этаж мечит курууга жер тилкеси катары берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төраганын орун басары |
| М.Э.Темиралиева |