Редакцияот 18.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН (АЛТЫНЧЫ ШАЙЛАНГАН) КЕЗЕКСИЗ V СЕССИЯСЫ

 

2013-жылдын 18-ноябры № 5/5

«Кара-Суу шаардык экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердγγлγк  боюнча туруктуу комиссиясынын 2013-жылдын 31-октябрындагы протоколун кароо жѳнγндѳ»

Кара-Суу шаардык экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердγγлγк  боюнча туруктуу комиссиясынын 2013-жылдын 31-октябрындагы протоколунун негизинде  Кара-Суу шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу шаардык экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердγγлγк  боюнча туруктуу комиссиясынын 2013-жылга иш планы бекитилсин. 

2. К.Жакыпов атындагы интернат-гимназиянын Салиева кѳчѳсγндѳгγ темир тосмосун бойлой автоунааларды токтотууга тыюу салынсын жана автоунаа токтотууга тыюу салган белги коюу Кара-Суу шаардык муниципалдык менчикти башкаруу департаментине, ал эми кѳзѳмѳлдѳѳ мэрияга жγктѳлсγн.

3. Кара-Суу шаарындагы Бабур атындагы мектептин чек арасын тактап, темир тосмосун калыбына келтирγγ боюнча сураныч каты Кара-Суу шаарынын 2014-жылдын бюджетине киргизилсин.

4. Кара-Суу райондук салык башкармалыгынан жер жана мγлк салыктары туралуу келип тγшкѳн каты боюнча Кара-Суу шаар аймагында жер жана мγлк салыктары Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 316,322, 334,342 беренелеринин негизинде 2014-жылдын 1-январынан киргизилсин.

5. Кара-Суу шаарынын биринчи кварталындагы Терешкова, Гагарин, Умаров, Панфилов, Кенеш, Кара-Суу кѳчѳлѳрγнγндѳгγ трансформаторду жылдыруу γчγн 150 миң сомдук сметалык акча каражаттын сметалык документин тактап, Кара-Суу шаарынын 2014-жылдын бюджетине киргизилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жγктѳлсγн.

 

Кара-Суу шаардык кеңешинин тѳрагасы:

Р.Х. Хатамов