АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI - сессиясы
2024-жылдын 1-февралы № 247
Айыл тургундарына “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Айыл тургундарына айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары үчүн “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI –сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургундары Найзабеков Бакбуркан, Жусупбеков Майрамбек, Азаматов Калдыбек, Малаев Эсенбек, Осмонбеков Улукбек Сейитканович, Сатылганов Биримкул Керимкулович, Жусупбеков Дөөлөтбек Майрамбекович, Назаралиев Туратбек Бейшенович жана Райымкулов Касымбекке айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары жана демөөрчүлүгү үчүн “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төраганын орун басары |
| М.Э.Темиралиева |