Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-августу № 420
1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына он эсептик көрсөткүч өлчөмүндө ай сайын акчалай компенсация дайындалсын.
2. 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
- тажик-афган мамлекетинин чек ара участокторун кайтарууга катышкан Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларын тактоо жана архивдик маалымкат (тажик-афган мамлекетинин чек ара участокторун кайтарууга аскер кызматчысынын катышканын ырастоочу документти) берүү боюнча иштерди жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 29-авгусундагы № 69 (3518) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |