Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТИРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 7-марты № 68-чуа
КР КЧ 20-02:2024 «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери» Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги № 114-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
Курулуштагы ченемдик базаны «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү, ошондой эле «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы №44 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алуу менен буйрук кылам:
1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
- сунушталган КР КЧ 20-02:2024 «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери» Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери;
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту (мындан ары – КР УИА СИ) тарабынан 2018-жылдын 29-ноябрында иштелип чыккан активдүү жаракалардын жана жер титирөөнү пайда кылуучу алардын сегменттеринин максималдуу локалдык магнитудасын MLH бөлүштүрүү картасы;
2) КР УИА СИ тарабынан 2018-жылдын 29-ноябрында иштелип чыккан Кыргызстандын аймагында мүмкүн болуучу максималдуу жер титирөөлөрдө жер титирөөнүн баллдык силкинүүсүнүн интенсивдүүлүгүнүн картасы;
3) КР УИА СИ тарабынан 2018-жылдын 29-ноябрында иштелип чыккан Кыргызстандын аймагындагы сейсмикалык термелүүлөрдүн горизонталдык түзүүчүлөрү үчүн таштак топурактардагы эң жогорку ылдамдануулардын картасы (PGA);
4) КР УИА СИ тарабынан 2018-жылдын 29-ноябрында иштелип чыккан, алардын аймактарынын сейсмикалык кооптуулугу баллдарда жана ылдамданууларда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын калктуу пункттарынын тизмеси.
2. Бийиктиги 75 м жана андан жогору болгон имараттарды жана курулмаларды, ошондой эле КР КЧ 20-02:2024 «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери» IV класстагы социалдык жоопкерчиликтин жогорку деңгээлиндеги уникалдуу имараттарды жана курулмаларды кошпогондо, курулуш аянтынын сейсмикалуулугу 8 (IPE) балл болгон Бишкек шаарынын аймагында курулуш объекттерин долбоорлоодо жана курууда Iб кыртышындагы эң жогорку ылдамдануу (PGAI) g=981 см/сек2 үлүштөрүндө сейсмикалык термелүүнүн горизонталдык түзүүчүсүн 0,28 кабыл алуу керек.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги № 114-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
3. Мамкурулушка караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды кабыл алсын;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкү ченемдик укуктук актылар жана ченемдик-техникалык документтер күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин 2009-жылдын 2-ноябрындагы №140 буйругу менен бекитилген КР КЧжЭ 20-02:2009 «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери»;
2) Кыргыз Республикасынын Мамархкурулуш инспекциясынын 1993-жылдын 21-декабрындагы № 63 буйругу менен бекитилген КР КЧжЭ 2.01.01-93 «Бишкек шаарынын аймагын сейсмикалык микрорайондоштурууну жана кыртыш-геологиялык шарттарды эске алуу менен куруу»”;
3) Мамкурулуш тарабынан бекитилген жана 1974-2012-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын аймагында ишке киргизилген сейсмикалык микрорайондоштуруу жана сейсмикалык райондоштуруу карталары (анын ичинде деталдуу сейсморайондоштуруу жана күтүлүүчү жер титирөөлөрдүн баштапкы баллын көрсөтүү менен калктуу конуштардын тизмеси);
4) КР КЧ 20-02:2018* «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери»;
5) Мамкурулуштун 2018-жылдын 31-декабрындагы № 32-нпа «Кыргыз Республикасынын КР КЧ 20-02:2018 «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери» курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө» буйругу;
6) Мамкурулуштун 2021-жылдын 17-февралындагы № 42-нпа «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 31-декабрындагы № 32-чуа буйругу менен бекитилген «КР КЧ 20-02:2018 «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери» курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» буйругу;
7) Мамкурулуштун 2021-жылдын 26-февралындагы № 43-нпа «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 31-декабрындагы № 32-чуа буйругу менен бекитилген «КР КЧ 20-02:2018 «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери» курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» буйругу;
8) Мамкурулуштун 2022-жылдын 28-февралындагы № 50-нпа «КР КЧ 20-02:2018 «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери» Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 31-декабрындагы №32-чуа буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» буйругу.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо директордун орун басары Иманакун уулу Талантбекке жүктөлсүн.
Мамкурулуштун gosstroy.gov.kg официалдуу веб-сайтында 2024-жылдын 14-мартында жарыяланды.
Директор |
| Н.К. Орунтаев |