ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 5-июну №1
Дароот-Коргон айылынын Кырчын көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылууларын кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын Кырчын көчөсүнүн жашоочуларынын көчөнүн атын маркум Темирбаев Асамидин Тажимаматовичтин ысымын ыйгарып берүү жөнүндө кайрылуулары боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 30-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын Кырчын көчөсүнө районго кылган эмгектерин эске алуу менен маркум Темирбаев Асамидин Тажимаматовичтин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана көчөнү иретке келтирүү жагы маркум Темирбаев Асамидин Тажимаматовичтин балдарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык айыл чарбасы жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы |
| С.Мойдунов |