ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 5-июну №5
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылынын тургуну А.Мундузбаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылынын тургуну А.Мундузбаевдин жер тилкесин максаттуу багытын өзгөртуп берүү жөнүндө кайрылуусу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 30-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылынын тургуну А.Мундузбаевдин жеке менчигине таандык 2592,0 м2 эшик алды жер тилкесинин максаттуу багыты өзгөртүлүп турак жай катары пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов